Чынар Капарова
@chynara_kaparova
Чынар Капарова

Подписчики: 128584
Посты: 598
Подписки: 362
Журналист, телеведущая, преподаватель, Journalist, TV presenter, lecturer
Загрузка...
БЕШ БОЛБОЙТ! ______________________________________________________________ Жан дүйнө сырыңызды, жада калса эң жакын адамыңызга да айтпаңыз! Ар бир сөздүн чеги бар, чектен чыгуу – адашуу. 1. Башка адамдын сырын айтпаңыз! Эгерде Сизге бир адам ичинде катылган сырын ишенип айтса, аны эч качан эч кимге “сатпаңыз”! Ал адамдын Сизге болгон ишеними жогору болгон. Башка адамдын сырын ачыкка чыгаруу - ыпыластык. Кийин бул кылганыңыз үчүн өзүңүздөн уялып жашоонун кереги барбы? 2. Алдыга койгон иш-пландар, бизнес-идеялар жөнүндө айта берүүнүн кажети жок! План жөнүндө айта берсеңиз, ал аягына чыкпай токтоп калышы мүмкүн. Жакын адамдарыңыздын арасынан деле Сиздин идеяны уурдап алуучу, көрө албаган, бут тосуучу адамдар чыгат. Мындай адамдар пессимисттик көз караштары менен Сиздин ийгиликке карай жолуңузду бууп салышат. Жада калса Сиздин идеяны Сизден мурда колдонуп алышы мүмкүн. 3. Иштеген кызматыңыз, жумуш мамилелер жөнүндөгү, өзгөчө кесиптик сырлар сыртка чыкпашы керек! Кесиптик этиканы сактаңыз! Жумуш алкагында кандайдыр бир окуяны башка адамга айтуу этикага туура келбейт. Өзгөчө медицина, милиция, билим берүү же социалдык коргоо ж.б тармактын кызматкери болсоңуз, жумуш алкагындагы бардык маселелер жумуш кеңседен чыкпашы керек деген тартипти карманыңыз. Айрым учурда Сиз жоопко тартылып калышыңыз мүмкүн. _ 4. Жакын досторуңузга, кесиптештериңизге үй бүлөңүздө бардыгы жакшы экендигин кайра-кайра айта берүүнүн зарылчылыгы жок! Бакыт – тынчтыкты жактырат! Бактылуу учурларыңызды улам айта берүүнүн, же мактануунун кажети жок. Жолдошуңуз сүйүп, балдарыңыз кубандырып, турмушуңуз топук болуп жатканы - Сиздин бакыт! Жеке турмушту жар салуу жакын досторуңузду алыстатып коюшу ыктымал. Анткени бардыгы эле бактылуу эмес! - 5. Жакындарыңыз менен болгон пикир келишпестик, же уруш-талаш жөнүндө башкаларга ооз ачпаңыз! Сиздин окуяга тиешеси жок адамды ага аралаштыруу чоң ката! Сизге таарынып, же Сиз таарынтып алган адамдын ортосундагы маселе сиздерде сакталып калганы туура. Ашыкча маалымат кедерги болот! Интернеттен алып котордум. Пайдалуу болдубу?

Загрузка...
1864   95
28.06.2020
Чоң апамдын кара таш. Чоң апамдын 5-6 чакан кара ташы бар эле. Кимдир бирөөбүз тумоолоп калсак ошол кара таштарды казанга ысытып, суу чачып, буулап айыктырып салчу. Мен да ошол ыкманы көп колдонуп жүрдүм. ______________________________________________________________ Балдарыма дайыма айтчу элем. “Мурдуңар бир аз агып, же тамагыңан кычыша баштаганын, бутуңар муздап турганынын байкасанар дароо айткыла. Болбосо дары берем, же ийне сайдырам” деп коркутуп койчумун. Дароо чуркап келишээр эле. Мен да чоң апамдын ыкмасы менен алардын бутун, бети-башын ысыта буулап, ысык сүт берип, жылуу жаткырып кочумун. Ооруну учурунда баскандан бекен, айтоор биздин үйдө тумоо көпкө жашачу эмес. ______________________________________________________________ Жакынкы күнү да уулум тамагым кычышкансып турат дегенинен буулап, ысытып, ысык сүткө бал кошуп берип жаткырып койдум. Эртеси чуркап кетти. ______________________________________________________________Эми бул коронавирус “чоң апалардын ыкмасын” тоотпосо керек, а мүмкүн алдын алып койгон деле оңбу дейм... Менин ыкмам: кокус тамак кычыша баштаса мурун, ооз көңдөйлөрүн туз кошулган суу менен тазалап, бутту ванна тузу кошулган сууга буулап, ысыгыраак лимон чайдан ичип, тердеп, бир сутка үйдөн чыкпай байкоо жүргүзүңүз. Бир тердеп тургандан кийин шорпо пайдалуу. Бул албетте башталайын деп турган кадимки тумоого жардам берет... Элдик ыкмалардан болушобуз, достор!