Чынар Капарова
@chynara_kaparova
Чынар Капарова

Подписчики: 128584
Посты: 598
Подписки: 362
Журналист, телеведущая, преподаватель, Journalist, TV presenter, lecturer
Загрузка...
Бары эле депутат болгусу келет. Ага мүмкүнчүлүгү, билими, тажрыйбасы туура келеби, же жокпу... ______________________________________________________________Бир аял акылман адамга келип кеңеш сурайт: - Айтыңызчы, Сиздин акылмандыгыңыздын сыры эмнеде? Бактылуусуз, байсыз, ийгиликтүүсүз. Мен көп окуйм, көп иштейм. Бирок күндөн-күнгө ишим начарлап, максаттарым ишке ашпай келет, же ийгиликке жете албайм... ______________________________________________________________Акылман адам аялга балта менен бир кап картөшкө берет: - Ушул балта менен картөшкөлөрдү тазалап көр. Аял ачууланса да, балта менен тазалап корот. - Мен жөн гана убактымды текке кетирип жатам. Бычак менен эле бат аарчып бүтүрүүчү иш эле го, - деп сүйлөнөт. ______________________________________________________________- Көрдүңбү, сен бул иш үчүн бычак туура келээрин билесин. Ал эми балта отун жарганга керек. Адамдар деле ошондой. Ар бири өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө, билимине, багытына жараша максаттарды койгону оң, - деп жооп берет... Улантып кетсеңиз каршы эмесмин)))

Загрузка...
1864   95
28.06.2020
Чоң апамдын кара таш. Чоң апамдын 5-6 чакан кара ташы бар эле. Кимдир бирөөбүз тумоолоп калсак ошол кара таштарды казанга ысытып, суу чачып, буулап айыктырып салчу. Мен да ошол ыкманы көп колдонуп жүрдүм. ______________________________________________________________ Балдарыма дайыма айтчу элем. “Мурдуңар бир аз агып, же тамагыңан кычыша баштаганын, бутуңар муздап турганынын байкасанар дароо айткыла. Болбосо дары берем, же ийне сайдырам” деп коркутуп койчумун. Дароо чуркап келишээр эле. Мен да чоң апамдын ыкмасы менен алардын бутун, бети-башын ысыта буулап, ысык сүт берип, жылуу жаткырып кочумун. Ооруну учурунда баскандан бекен, айтоор биздин үйдө тумоо көпкө жашачу эмес. ______________________________________________________________ Жакынкы күнү да уулум тамагым кычышкансып турат дегенинен буулап, ысытып, ысык сүткө бал кошуп берип жаткырып койдум. Эртеси чуркап кетти. ______________________________________________________________Эми бул коронавирус “чоң апалардын ыкмасын” тоотпосо керек, а мүмкүн алдын алып койгон деле оңбу дейм... Менин ыкмам: кокус тамак кычыша баштаса мурун, ооз көңдөйлөрүн туз кошулган суу менен тазалап, бутту ванна тузу кошулган сууга буулап, ысыгыраак лимон чайдан ичип, тердеп, бир сутка үйдөн чыкпай байкоо жүргүзүңүз. Бир тердеп тургандан кийин шорпо пайдалуу. Бул албетте башталайын деп турган кадимки тумоого жардам берет... Элдик ыкмалардан болушобуз, достор!