222 10
03.06.2020
Шайлоо: тобокелдик жана таарынычтар.
Азыр коомдун көңүлү күздө боло турган шайлоодо... Партиялар катарын топтоо, жаңылоо, биригүү, каржысын тактоо менен, ал эми акчасы, же атагы барлар партия тандоо менен алек болуп жаткандай))) ______________________________________________________________ Шайлоо – тобокелдик! Албетте өтө турган партиялар 3-4 болушу мүмкүн, алардын каржысы да чечилип, батасы да берилип калды деген кепти баарыбыз эле угуп жатпайбызбы)) Өтөөр-өтпөсү арсар, же “өтөм!” деп көкүрөк кагып сүйлөгөнү менен, кабинетинде “кандай болуп кетээр экен...” деп санаага батканы андан да көп... Ооба, тобокелдик. Эң оболу каржылык тобокелдик. Шайлоонун өзү акча. Акчасыз шайлоого баруу, куралсыз согушка аттангандай эле көрүнүш. “Акча албай шайлайлы!!!” деп кыйкырык салып жаткандар деле акыры акчанын кулу болуп бериши турган иш! Бул биздин элдин салты болуп калгандай... Бирок, элдин пикирин эске алган айрым партиялар катарын жаңы жүздөр, билимдүү инсандар, кадырлуу адамдар менен толуктоо аракетинде болуп жатканы да жакшы көрүнүш. Демек элдин талабы менен эсептешкендик!
Эл акча алат, албайт... Ошондой болсо да азыр партиянын курамына бир аз болсо да көңүл бурулаары анык.
Шайлоо – таарынычтар! Ошол топтолгон адамдардын бардыгы эле депутат болуп калаар-калбасы да маселе. Саналуу адамдар депутат болуп келет, эң азы 11. Депутат болбой калганы таарынычын чыгарат. Өзүнүн да, тобунун да абийирине шек келтирет. Анткени акча. Акча салган, чачкан, тараткан... Бул жерде адамгерчилик жана адеп-ахлак маселеси биринчи орунда. Партияны тандадыңбы, ошол партиянын уставына баш ий, сөзүн сүйлө, лидерди туу тут! Лидер сени депутат кылам деп убада бербейт!
Анан акча маселеси. Чачылдыңбы, демек үй бүлөңдөн ашып жаткан каржың бар да. Тараттың. Өзүң үчүн, партия үчүн чачылдың. Буга моралдык жактан даярданып бардың. Өтпөй калдыңбы, капа болбо, командаңды жамандаба, унчукпа! Өтүп кеттиңби, бирок жетиштүү, команда талап кылган добуш ала алган жоксуңбу, капа болбо, сөз бергенсиң, татыктуу добуш алган талапкерге орун бошот. Бул шайлоо... Биздин шайлоо... Жөн эле ойлор...