582 35
22.03.2020
Азыр үйдө отуруу – биздин өлкөгө келтире турган эң чоң жардамыбыз болуп турат. Ооба, иштеп, басып-туруп ж.б көнгөнбүз. Кыйын. Зеригебиз. Мен Сиздерге отуруп, отуруудан да пайда табуу кеңешимди сунуштайм...
____________________________________________
Отуруунун он пайдасы:
1. Отуруп – ооруну жеңебиз! Зарыл же чукул ишиңиз болбосо өзүңүз менен кошо өзгөнү да коркунучка кептебей үйдө отуруңуз.
___________________________________________
2. Отуруп – ойлонуңуз! “Мен киммин, кандай адаммын?” деген суроонун алкагында да ойлонуп койгон жакшы жыйынтык берет. Анткени өзүбүздү алдабайбыз.
___________________________________________
3. Отуруп – окуңуз. Окуу мээни өстүрөт, иштетет. Китепти окуп жатып ошол дүйнөгө кеткенге аракет кылып, зеригүүнү жеңип чыгыңыз.
__________________________________________
4. Отуруп – оозуңузду көнүктүрүңүз! Ооз, же эриндердин иштешин да калыптандырып туруу керек. Жагымсыз жыт да пайда болбойт.
___________________________________________
5. Отуруп – ойноңуз! Ооба, жалгыз болсоңуз кроссворд өңдүү баш катырмалар менен алаксыңыз. Бала-чакалуу болсоңуз балдарыңыз менен ойноңуз, аларды “тааныңыз”!
___________________________________________
6. Отуруп – оңолуңуз! Ою оңолгондун өзү оңолот. Негатив маалыматтардан алыс болуп, аларды таратпаңыз. Өзгөчө оору күндөрү.
___________________________________________
7. Отуруп – “ооруңуз”! Адамзат маселесинин алкагында “ооруңуз”. Жаратылыш менен “ооруңуз”. Жакшы адат менен “ооруңуз”. Бирөөгө жардам берүү адаты менен “ооруңуз”!
___________________________________________
8 Отуруп – окшошуңуз! Жакшы адамдарга, боорукер адамдарга окшош болууга далалат кылыңыз! Аларга окшошуу менен өзүбүзгө да окшошконду кыялданган чөйрөнү таба алабыз.
___________________________________________
9. Отуруп – ордуңузду табыңыз! Үйдө отуруп калгандан кийин ошол үйдө ордуңуз канчалык экенинен кабар аласыз. Ордуңузду бийиктетүү аракетинде болуңуз.
__________________________________________
10. Отуруп – оң колдун ачуусун сол кол менен басалы! Отура берип бирине жагасыз, башкасынын кыжырын келтиребиз. Айрым адамдар өтө эле майдачыл болуп, асыла берет. Мындайда ачууну жеңе билели!
ООРУБАҢЫЗ!!! 🙏🙏🙏🤲🤲🤲☺️