Дайыр Исмадияров
@dayir_ismadiarov
Дайыр Исмадияров

Подписчики: 825817
Посты: 2797
Подписки: 124
Певец Отличник культуры КР 🇰🇬
https://www.youtube.com/user/dayirismadiarov


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
3815   551
14.04.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Бүгүн аябай кызык окуя болду. Азыр ватсаптан бир эже чалып: "Алло Дайырсынбы?Ушуга чейин сенин чыгармачылыгыңды сыйлап,өзүңдү да жакшы көрчү элем. Бирок бул жасаган ишиң менен баарын өлтүрдүң. Мени элдин алдында уят кылып,позор кылдың дейт. Көрсө 2-3 күн мурун каракыз👩🏿‍🦰(негр кыз) менен тамаша киргизгенмин, эсиңизде болсо керек(сүрөттү сол тарапка шилтесеңиз ошол видеону көрөсүз). Ошол тамашалардын арасында "Үрүнса эже" деп каймана ат(псевдоним) ойлоп таап карыз доолаган болчум. Ошол видеомду өчүрүп салуумду суранды. "Эмнеге десем?" Мага чалган эженин да аты Үрунса экен. 2-3 күндөн бери, менин видеомду ал эжеге ар ким жиберип карызыңды Дайырга доолатпай берип койбойсунбу деп жатыптыр 😂.Сени,жана ушул видеону мага жиберген каинсиндимди милицияга берем дейт,мени позор кылдың дейт. Эмне дешимди да билбей "Эже Кыргызстан боюнча Үрунса деген ат Сизде эле барбы"- десем."Үрүнса дебей Оля,Айка,Гуля дебейсинби!"-дейт 😂. Мен ал видеону азыр өчүргөндөн эч нерсе өзгөрбөйт, себеби ал тарап кетти ватсаптардан дедим. Бирок ал эжеден жана Үрунса аттуу эжелерден кечирим Сурайм. Ушундан улам кимде Үрунса аттуу тааныштар бар, комментарийге жазабыз. Ал эже жалгыз Үрунса эмес экенин далилдейли 😜😂 Сиздерде деле Үрунса ысымдуу тааныштар барбы,көп эле болуш керек э?