Дайыр Исмадияров
@dayir_ismadiarov
Дайыр Исмадияров

Подписчики: 825817
Посты: 2797
Подписки: 124
Певец Отличник культуры КР 🇰🇬
https://www.youtube.com/user/dayirismadiarov


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1921   172
01.05.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
СУРОО: Эгерде Кыргызстанда үйлөнүү жана башка тойлор болбой калса кандай өзгөрүү болот? 1 айдан кийин - азык түлүктүн, жер-жемиштердин баасы арзандайт. Негизги сатып алуучулар жок болгондуктан - базар азык-түлүккө толот. 2 айдан кийин – ресторан,тойканалар жабыла баштайт. 3 айдан кийин – автоуналардын баасы түшөт, эми эч кимге кереги жок болгондуктан базар Гелендваген менен Рендж Роверлерге толмок. Жарым жылдан – акыры аялдар өздөрүнө керектүү жана жагымдуу иштер менен алектене баштайт. 1 жылдан кийин - кыргызстандыктар кокусунан чогулткан акчаларын коротууну ойлонуп баштайт, саякатка чыккандардын саны көбөйөт. 1,5 жылдан кийин - товарлардын сапаты жогорулай баштайт - элдер талап кыла баштайт. Себеби, эми алар кимдир бирөөнүн тоюна эмес, өздөрү үчүн сатып алышат да. 2 жылдан кийин - экономикабызда байкалаарлык өсүштөр болот. Үйлөнүү той индустриясы менен алектенген бизнесмендер экономикабызга жана калкка пайдалуу башка бизнес ачышат. 3 жылдан кийин – акыркы жасалма ырчы жоголот. 5 жылдан кийин - ишкер аялдардын саны өсөт. 10 жылдан кийин – көптөн бери элге көрүнүү үчүн эч ким никеге турган эмес себептүү ажырашкан үй-бүлөөлөрдүн саны азаят. 50 жылдан кийин – ата-энелер балдарына таң калычтуу окуяларды айтып бере баштайт: илгери биз чоң тойлорду өткөрүп, ага тааныбаган эле кишилерди чакырчубуз. Анын айынан мүлкүбүздү барымтага коюп жок дегенде 20 жылга чейин кредит төлөчүбүз. Эми эң башкысы, эч качан “Той качан?” деген суроо берилбей калат. $$$$$$$$$$$$$$$$$$$$$$$ ФЕЙСБУКТА БИРӨӨ УШИНТИП ЖАЗЫПТЫР.КИМ КАНДАЙ ОЙЛОЙТ?
Загрузка...
2748   163   43164
03.04.2020
Бүгүн пиар кылуучу учур эмес!!! Жалпы адамзаттын башына түшкөн оор күндөн биргеликте чыгуу, ушул сыноону чогуу жеңүү күнү! Ооба, "оң колуңдун бергенин сол колуң билбесин" - деген кеп бар. Бирок, кырдаалга байланыштуу бул видеону мактануу эмес, мүмкүнчүлүгү бар боорукер замандаштарыбызды бизге кошулуп жардам берүүгө чакыруу үчүн чыгардык. Муну туура түшүнөсүздөр деп ойлойбуз. 🙏🙏🙏🙏 Билсеңиздер өнөр адамдары жалтырак көйнөк кийип, күлүп жүргөнү менен көпчүлүгүнүн капчыгында маңдай жылытарлык миллиондору деле жок. Ошентсе да, алыбыздын жетишинче уюштуруу жолу менен ырчы, тамада, журналист, блогер, айтор... маданият чөйрөсүндө жүргөн бир топ өнөр адамдары топ-топко бөлүнүп аракет кылып жатабыз. Кезинде биздин ата-бабаларыбыз да мындан оор, мындан кыйын күндөрдө акыркы жарты токочун, бир кокуч талканын тең бөлүшүп жеп, ынтымак, биримдик менен далай сыноолорду жеңген. Аны улап бүгүн да муктаждарга каралашып аткан шарты, мүмкүнчүлүгү бар баардык кыргызстандык замандаштарга таазим жана ырахмат. 🙏🏼🙏🏼🙏🏼 Кудай буюрса бул күндөр да өтөт. Ынтымак, биримдик, тартип жана тазалык менен аты жаман ооруну сөзсүз жеңебиз.✊✊✊ Пейилибиз тазарып, жүрөгүбүз агарсын. Бири-бирибизден жардам, жакшы сөз аябайлы. Жараткан ар бир пендесинин күнөөсүн кечирип, оору-сыркоосуз бейпил, бактылуу күндөрүбүздү кайрып берсин.🤲🤲🤲🤲🤲 Соңунда СИЗден суранарыбыз ☝️эгер шартыңыз бар болсо, биздин катарга кошулуңуз.🗣🗣🗣 Али дагы биздин колубуз жетпеген 2,3 күндөн бери оозуна наар албаган, бир чымчым уну, бир кесим наны жок жарандарыбыз арбын экен. Чалуулар өтө көп болуп жатат. Эгерде өз бала-чакаңызга жетээрлик оокат-ашыңыз болсо, анда СИЗдин андан да чоң жардамыңыз #ҮЙДӨН_ЧЫКПОО, #ҮЙДӨ_БОЛУУ, #ҮЙДӨ_ОЛТУРУУ, #ТАРТИПТИ_САКТОО, #ТАЗА_БОЛУУ!!! Баарыңыздарды терең урматтап, ӨЗГӨН ӨНӨРПОЗДОРУ!