Дайыр Исмадияров
@dayir_ismadiarov
Дайыр Исмадияров

Подписчики: 825817
Посты: 2797
Подписки: 124
Певец Отличник культуры КР 🇰🇬
https://www.youtube.com/user/dayirismadiarov


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
2640  
20.01.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Достор, негизи эле мага “эмнеге клиптериңиз Музканалдан кетпейт?”-деген суроону көп узатышат. Баарына эле түшүндүрүп КТРди жамандап олтура албайм. Эми бүгүн чындыкты айтам. Акыры убакыт жетти окшойт. Эсиңиздерде болсо өткөн жумада менин “Биз баскан жолдор”- аттуу клибим жарык көрдү. Өзүм да күткөн жок элем. 4 күндүн ичинде 400 000 жакын YouTube айдыңында көрүү,10 000 ден ашык лайк басылыптыр. Мындай нерсе чанда гана болоору маалым эмеспи. Албетте, баардык эле ырчылар сыякттуу мен дагы ырымдын КТРдин Музканалынан кетүүсүн каалап жибергем. Жок, актёрлор жакшы ойной алган эмес, ыр начар жана ушул сыяктуу жүрөк муздай турган шылтоо менен кабыл албай коюшту. Тарбиялык мааниси күчтүү болсун, бала жок деп эле ажыраша бербей, сабыр кылышсын деген максатта тартканбыз, уландысы да бар. Эми Музыка каналындагыларга актёрлор жагыш үчүн ГОЛЛИВУДДАН актёр чакыралыбы? Акылга сыя турган нерсени талап кылышса болбойбу. Буга чейин дагы “Алма сунсам колуңа”-деп аталган ырыбыздын клибин да албай коюшкан. Чыгымы жок тартылган деп. Эми ушул да шылтообу? Кудайды карашса боло. Кечирип коюшсун, кыргыз ырчылары миллион доллар коротуп клип тарта тургандай даражада эмеспиз. Эл сүйүп угуп жаткандыктан 100 дөн ашык ковер версиялар тартылып,той-топурларда биздин ырдын музыкасына кошулуп ырдашат. Жеке эле менин клиптеримдин жарабай калышынын чоң себеби бар. Айтпай жүрдүм эле, эми атайын. Музканалдын продюссери Канат Култаев экөөбүздүн пикирибиз келишпей уруша кеткенбиз. Ал да болсо КТРКнын көгүлтүр отуна акча алып мени катыштырбай койгон. Ал аз келгенсип тыйынымды кайтарганга шашкан эмес. Жашоодо мындай нерселер боло берет. Ал Канат байке экөөбүздүн жеке мамилебиз болчу. Ал киши жеке мамилени жумушка сүйрөп, өчөшкөн ырчыларынын клиптерин өткөрбөй коёбу? КТРК салык төлөп жаткан элдикиби, (ошонун ичинде мен дагы салык төлөйм) же Култаевдин жеке менчик каналына айланып кеткенби? Эмнеге баардык талаптарга жооп берген клиптерибиз каналга өтпөй калууда. Жок, мен бул нерсеге нааразымын жана каршымын. Негизи эле КТРдин саясаты менен ишим жок. Муну айтпай эле коёюн дегем, бирок мындай өз жат деп бөлгөн мамиле туура эмес. Музыканын саясатына киришүүгө, пикиримди айтууга акым бар.