Дайыр Исмадияров
@dayir_ismadiarov
Дайыр Исмадияров

Подписчики: 825817
Посты: 2797
Подписки: 124
Певец Отличник культуры КР 🇰🇬
https://www.youtube.com/user/dayirismadiarov


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1448   65
16.04.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Кутман таң... Вый🤨... Или обед... Азыр ким кайсы убакта туруп,ким кайсыл убакта жатып атканы деле белгисиз болуп калды окшойт 😂. Личкама кайсыл фильмди совет бересиң деп жазгандар көп болгондуктан, акыркы көргөн 3 сонун кинону жазайын дедим. ---------------------------------- 1. Платформа.2019. Бир гана көз ирмемде сен ийгиликтүүсүн- Анан тез арада эң төмөнкү даражадасын... Аллегориялык форма, бул жерде көп кабаттуу жер астындагы түрмө Дантэ чөйрөлөрүнүн тозогу. Канчалык бийик болсо, ошончолук жарык болот. Тереңдеген сайын, сен тозоктосун. Алардын мүнөзүнүн көрүнүштөрүн ар бир кызмат адамы өзүлөрүнө көбүрөөк тартуу үчүн, пайдаланылбаса да, башкалардан айырмаланып, позицияны колдонушат. --------------------------------- Невидимый гость.2016. Бул дагы Испан киносу. Ийгиликтүү ишкер, бактылуу үй бүлө адамы. Хадриандын жашоосу жомоктой сезилген. Бирок жолдо кокусунан кырсыкка учурап, бардыгына чекит коюлат. Ал аварияда, каарман ойношу менен машинада, ал эми кырсыктын башка катышуучусу өлгөн болот... --------------------------------- Зов предков.2020. Бул фильм Бэк аттуу ит жөнүндө.Ал ага жакшы мамиле кылган адамдарга жардам берет. Бэктин аркасы менен алар көптөн бери каалаганына жетишишет жана жан дүйнөсүндө тынчтык табышат. Акыры, Бек чынчыл, алдай албаган, татаал жашоодон жана эртеңки күндөн коркпойт. Убакыттын өтүшү менен ал өзгөрбөй адеп-ахлактык туруктуулукту көрсөтөт. Бул фильмди көргөндө, адамдар жаныбарлардан үйрөнө турган көп нерсе бар экени билинет. ____________________________________ Сиз дагы соңку көргөн фильмдериниздин атын жана эмнеси менен жакканын комментарийге жазыңыз...
3815   551
14.04.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Бүгүн аябай кызык окуя болду. Азыр ватсаптан бир эже чалып: "Алло Дайырсынбы?Ушуга чейин сенин чыгармачылыгыңды сыйлап,өзүңдү да жакшы көрчү элем. Бирок бул жасаган ишиң менен баарын өлтүрдүң. Мени элдин алдында уят кылып,позор кылдың дейт. Көрсө 2-3 күн мурун каракыз👩🏿‍🦰(негр кыз) менен тамаша киргизгенмин, эсиңизде болсо керек(сүрөттү сол тарапка шилтесеңиз ошол видеону көрөсүз). Ошол тамашалардын арасында "Үрүнса эже" деп каймана ат(псевдоним) ойлоп таап карыз доолаган болчум. Ошол видеомду өчүрүп салуумду суранды. "Эмнеге десем?" Мага чалган эженин да аты Үрунса экен. 2-3 күндөн бери, менин видеомду ал эжеге ар ким жиберип карызыңды Дайырга доолатпай берип койбойсунбу деп жатыптыр 😂.Сени,жана ушул видеону мага жиберген каинсиндимди милицияга берем дейт,мени позор кылдың дейт. Эмне дешимди да билбей "Эже Кыргызстан боюнча Үрунса деген ат Сизде эле барбы"- десем."Үрүнса дебей Оля,Айка,Гуля дебейсинби!"-дейт 😂. Мен ал видеону азыр өчүргөндөн эч нерсе өзгөрбөйт, себеби ал тарап кетти ватсаптардан дедим. Бирок ал эжеден жана Үрунса аттуу эжелерден кечирим Сурайм. Ушундан улам кимде Үрунса аттуу тааныштар бар, комментарийге жазабыз. Ал эже жалгыз Үрунса эмес экенин далилдейли 😜😂 Сиздерде деле Үрунса ысымдуу тааныштар барбы,көп эле болуш керек э?
Загрузка...