Эльвира Сурабалдиева
@elvirasurab
Эльвира Сурабалдиева

Подписчики: 78488
Посты: 204
Подписки: 78
#Эл өкүлү, Жогорку Кенеш #Депутат Парламента Кыргызской Республики #MP Kyrgyzstan
https://t.me/elvirasur


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
2718  
07.12.2019 Жогорку Кенеш Кр
В Екатеринбурге сотрудник ППС при задержании застрелил кыргызстанца. По данным российских СМИ, инцидент произошел в 6 утра 24 ноября. Сотрудники патрульно-постовой службы (ППС) задержали Качкына по подозрению в хранении наркотиков. Когда правоохранители попытались отвести его на освидетельствование, он попытался сбежать. http://www.turmush.kg/ru/news:1583732 Качкынбек Тажиев- Екатеринбургда иштеп, оокатын кылып жылып миңдеген жарандарыбыздын бири эле. Ушул жигиттин өлүмүнө ата-энеси бекер шекетенишкен жок деп ойлоймун. Буга чейин, 27.11.2019 комитеттин отурумунда, кыргыздандыктар ЕАЭСтин орустар койгон 100000 рубль лимитинен кыйналып, акчаларын чогултуп биздин жарандар аркылуу Бишкекке жөнөтүү аракеттери жөнүндө айттым эле. Качкынбек ошондой “курьерлердин” бири болуп калса, кылмышкерлердин колунан өлтүрүлдү деген маалымат текшерилиш керек. Бул жерден болсо маркумду жаман аттуу кылып, бангизат менен кармалды дегендиги абдан туура эмес. Биздин ал жердеги элчилигибиз, Екатеринбургдагы консулдарыбыз маалыматты тактап, текшерип, кылмыш иши менен таанышып, ата-энесине жооп беришсин.
2165   141
27.01.2020 Жогорку Кенеш Кр
Улуттук Банктын жетекчисине негативдүү кредиттик маалымат (жалпак тилдеги кара тизме) боюнча Жогорку Кеңештен берген суроолорум. Азыркы күндө, кредитти кайра төлөй албай, же кечигип калган жарандарды кара тизмеге 7 жылга киргизишет. Жогорку Кеңештеги коллегаларым 5 жылга чейин кыскартууну сунушташты, мен 3 жылга чейин төмөндөтүү маселесин көтөрдүм. Же бул кара тизменин мөөнөтүн кыскартылса, же кредиттердин проценттерин азайтышса элибизге бир топ жардам болмок. Дагы бир өкүнүчтүү жагдай- үй-бүлө курганга чейин жолдошуңуз кара тизмеге түшүп калса, сиз да ошол кара тизмеге кирип калат экенсиз. На заседании парламента с председателем Национального Банка обсуждали тему негативной кредитной информации, в народе называемый черным списком . На сегодняшний день граждане, не выплатившие вовремя кредиты, заносятся в черный список на 7 лет. И в течении этого времени не могут получить новый. Депутаты Жогорку Кеңеша предложили снизить период до 5 лет, я подняла вопрос об ограничении в 3 года. Необходимо либо сокращать время нахождения граждан в черных списках, а их уже немало, либо уменьшать проценты кредитных ставок. Есть еще одно печальное обстоятельство - если ваша половинка до официального брака оказалась в черном списке, то после создания семьи и вы туда попадаете.
Загрузка...
1701   59
12.03.2020
Атаң өлсө да, тааныгандары көп жашасын. Фейсбукка Ак-Босого конуштун тургуну Алмаз мырза жазып, бүгүн шаардын мэриясынын өкүлдөрүн чакырдык эле, көйгөйлөрүбүздү талкууда кошо катышып бериңизчи деп кайрылды эле. 2005-жылы маркум атам Жыргалбек Сурабалдиев Түндүк округуна кирген Ак-Босогодон агитациясын баштап, депутат болуп шайланган күндүн эртеси эле эл астына келип батаңарды алам десе, ишенбей койгондору. Азыркыга чейин эсимде, шайлоо күнү бүтүп, атам утуп, эртеси күнү таң атпай “сөз бергем” деп элине кеткен... Ушул Ак-Босого 15-жыл мурда кичине конуш, эми көпчүлүктүн жашаган жерине айланыптыр. Сессиядан суранып, жолугушуусуна барып калдым. Мэриядан архитектурада, транспорт бөлүмдөрүнөн, шаардык кеңештин депутаты менен биргелешип маселелепди талкууладык. Буга чейин 2 км жолдун асфальтын мэрия, акимиат бюджетте пландаштырып коюптур, буюрса чечилет. Жолдун начарлап кеткенинен, буга чейин каттап, кийин токтотулган маршрут айдоочуларынын суроолору да көзөмөлгө алынды. Атаңыздын көпүрөсү азыркыга чейин колдонууда десе, маркум атамдын эмгегин эстеп жүргөндөрүнө ыраазы болуп, апама атабыздын мээнети текке кетпептир деп айтып жеткирдим. Апакем жылмайып, арбагында ыраазы болсун деп сүйүнүп калган жери.. Сүрөттөгү жүрөгү ачык, бат ачууланып, бирок бат жазылып кеткен жаранларыбыз, деги жалпы элибиз- #барболгула! 😘 P.S. Таланттар элден чыгат эмеспи. Тынчтык мырза, байладыңыз ай!) Ак-босого отуз жылда онолбоду эч жери Алмашылды канча башчы, аким менен мэрлери Элим кандай эмне менен алек деп, Элмирадай депутаттар бироо басып келбеди Жолдор болбой маршурт бизге каттабай Жол деп кундо окмот менен мэрияга каттамай Кайра кайра жаза берип каттарды Болду чондор биздин катты жаттамай Башка жаны кечээ тушкон эле конуштар Асфальт кылып кочолорун коюшкан Эмне бизге салган жоксун деп барсан Акчабыз жок билбейм кылып коюшкан Конуп калган жуз жетимиш алтынчы Мурдагыдай кайра журуп калсынчы Асфальт кылып кочобузду тезирээк Аким мэрлер жолубузду салсынчы Ойлонуп коздон жаш тамды Ой, кое турчу башканды Жок дегенде шагыл тогуп бергиле Тажадык биз балчык менен басканды (Ак-Босого. Тынчтыкбек Мырзакулов)
2906  
23.10.2019
Мамлекеттик жоопкерчиликтүү кызматтагыларга биздин кыргыз, расмий орус тилдер менен чектелбестен, дүйнө жүзүндөгү универсалдуу англис тилин да билүү керек деп эсептеймин. 1. Сыртка чыкканда котормочуга кетирген каражат (жол кире, жайгаштыруу) үнөмдөлмөк. 2. Барган мамлекеттерде кызмат кылган элчиребизди мамлекеттик кызматтагылар аркасынан жүдөтүп ээрчиткендикти туура көрбөймүн. Бул жолу эл аралык форумга Куала-Лумпурга чакырылып, аэропорттон мейманканага жетип, дебаттарда темаларды англис тилинде талкуулап жатканда, кошуна мамлекеттин депутаты менен сүйлөшүп калдык. Эмнеге элчилер тосуп алып, сиздин жаныңызда отурбай, жалгызсыз десе, менин муктаж эмесмин деген жообума таң калып отуруп калышты окшойт. Сиздердин элчилигиңер биздикинен саны да, бюджети менен айрымаланат, бизде чыгашаны, каражатты үнөмдөө саясат деп тамашалап койдум. Жаш депутаттардын көбү англисче билет, жалпы мамлекеттик кызматта көп тилди билгендердин саны көбөйсүн дегенге тилектешмин. #Барболгула P.S. Командировкам толугу менен чакырылган тараптын (AFPPD, APDA, Japan Government, UNFPA, IPPPF) эсебинен, мамлекеттен каржалынбайт деп эскерткен жерим.
3632  
23.10.2019
Саясатта аралашып жүргөн адам катары, ар кандай ушак, жалаа жаап жамандаган жерлерине деле көнүп калдым. Жакында Кактус гезитинде он жыл мурда жабылган фирма менен бизнес кылып жүрөм деген маалымат тарагандыктан, ушинтип расмий жооп кылууга аргасыз болдум. Бул маселени чыгарган журналисттерге ыраазычылык билдиремин, анткени мамлекеттик ишканалардын ортосунда байланышты бекемдеш керектигин далилдешти. Эми ошол тармакка көбүрөөк көңүл буруш керектигин түшүндүм. #Барболгула На сайте Кактус.Медиа появилась статья о депутатах парламента, совмещающих парламентскую деятельность с бизнесом. Обнаружив свое ФИО вместе с фирмой, которая должна была быть закрыта еще 10 лет назад, я, мягко говоря, удивилась. Осенью 2015-года, давая присягу в качестве новоизбранного депутата Жогорку Кеңеша, публично, с парламентской трибуны, я поклялась честно и верно служить родине. Поэтому получив официальные ответы от Государственной налоговой службы и Социального фонда Кыргызской Республики, решила их обнародовать, а заодно и успокоить отдельные персоны, которые поспешили обвинить меня во всех грехах. Хочу поблагодарить СМИ и журналистов за то что обнажают серьезные проблемы, такие как отсутствие синхронности между государственными органами и проблемы в поисках архивных документов. Полагаю что мне предстоит уделить этим темам больше внимания.
2432   43
11.11.2019
“Мен силерди, жаштарды, көргөндө - келечегимди көрөмүн. Силер да кичинекейлерди көргөндө келечегиңерди элестеткиле, кайдыгерлик мамиле жасабагыла”, - деп 9-10 ноябрда Жалал-Абад жана Ош мамлекеттик университеттеринде #ЖаштарКэмп2019 өткөрүлгөн санариптештирүү доорунда кесип тандоо темасына спикер катары катышып, сүйлөгөн сөздөрүм. 14-21 жаштагы мектеп окуучулар жана студенттерден берилген суроолорго жараша бир нече өкүнүчтүү жыйынтык туулду. Кыргызстан калкынын 30% түзгөн жаштарыбызга мамлекет тарабынан көңүл бурулбай келе жатат. Бюджеттен келген каражат той-мааракелерге сарпталат, жаштардын саясат жана идеологиясын болсо ойлогон жерибиз жок. Совет доорунан бери калган стратегиялык мамлекеттик программалар эскирип, заманбап көз караш менен алмаштыруу зарыл. Балдарыбызды көздөрү жалтылдап, ар бир сөздү сиңип, келечек тууралуу улам улам кеңеш сурап жаткан кез. Жаштардын билимге суусап турганда, бизден каталар менен чыккан китептер - кечирилгис душманчылык. Билим берүүдөгү коррупцияны оңдобосок, эртеңки күнү баардыгыбыздын келечегибиз күмөн. «Когда я вижу вас, молодых, я представляю своё будущее. И вы, когда видите младших, представляйте свое будущее, не будьте равнодушны по отношению них», - такими словами я обратилась в качестве спикера к участникам #ЖаштарКэмп2019, прошедшего 9-10 ноября в Жалал-Абадском и Ошском государственных университетах. После вопросов от аудитории, возраст которой составлял 14-21 года, сделала свои, неутешительные выводы. Молодежи, которая составляет 30% населения Кыргызстана, осталась без внимания. Деньги, выделяемые из бюджета, расходуются на проведение различных тоев и знаменательных дат, о политике и идеологии нашей молодежи мы не задумываемся. Оставшиеся с советских времен государственные стратегические программы давно устарели, и должны быть изменены согласно требованию времени. Глаза наших детей блестят, внимая каждое слово, они нуждаются в советах о будущем. И тогда, когда молодежь нуждается в знаниях, выпуск учебников с ошибками - непростительная враждебность. Если не изменим ситуацию с коррупцией в образовании, то под сомнением наше всеобщее будущее. P.S. На фото с 4-летней Каныкей- позитивной юной участницей мероприятия)
604  
23.10.2019
Кыргызстанда ар бир жараныбыз мамлекет жактан каржыланган, акысыз юридикалык жардамга укуктуу экенин билдиңиз беле? Төмөндөгү ар бир облустагы юридикалык офистердин телефондорун жазып алып, тааныгандарга таратып коюңуз. В рамках повышения правовой культуры населения был принят Закон КР "О гарантированной государством юридической помощи", вступивший в силу в 2016 году, согласно которому каждый гражданин Кыргызстана имеет право на бесплатное получение услуг юристов и консультантов в центрах по оказанию бесплатной консультационно-правовой помощи населению. Своей целью они ставят повышение юридической грамотности в обществе, когда граждане настроены решать свои проблемы в правовом поле и законными методами. Достаточно обратиться к юристам по следующим номерам и проконсультироваться, причем совершенно бесплатно: Бишкек: 0556 14 11 45 Чуйская область: 0552 68 28 45 Иссык-Кульская область: 0553 04 04 86 Нарынская область: 0703 02 62 00 Таласская область: 0557 29 10 06 Джалал-Абадская область: 0550 38 32 52 Ошская область: 0557 92 92 57 Баткенская область: 0550 46 15 36