Эльвира Сурабалдиева
@elvirasurab
Эльвира Сурабалдиева

Подписчики: 78488
Посты: 204
Подписки: 78
#Эл өкүлү, Жогорку Кенеш #Депутат Парламента Кыргызской Республики #MP Kyrgyzstan
https://t.me/elvirasur


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
7911   285
10.06.2020
15 жыл мурда, 10.06.2005 жылы, атабыздан айрылдык эле... Ата-энебизди көз тирүүсүндө барктап, достор, урматтайлы. Атакем бар кезде, аркамдагы аска зоомдун көлөкөсүндө жүргөндөй сезилчү эле. Эки дүйнөдө, баардыгы үчүн миң мерте ыраазычылык, Ата! Аталар, #барболгула, узак жашап, балдарыңардын албан албан ийгиликтерине, жакшылыктарына күбө болуп, жанында ар дайым жүргөнүңүзгө тилектешмин. 💚❤️ Берегите и цените родителей, пока они живы и рядом с вами. ❤️💚 Сегодня исполнилось 15 лет, как мы живем без нашего папы. Люблю и скучаю, Ата. 😘 На фото я с отцом, который приехал меня навестить во время учебы. Лондон, 2002 год. Аталык айбат Кээде мен ойноп коем ашкере чаап, Кайдыгер.. үй-жайымды унуткарам. Ошондо, атам төрдө.. сүрөтундө, Алдына айыптуудай туруп калам. Кээде мен үйгө келем маанайым пас, (Бардыгы суз көрүнөт мындайымда). Үн катпай, сын көз менен назар салып, Анда да атам менин маңдайымда. Атанын өзү турсун, аты да ыйык, - Муундан-муунга өтүп, урматталат. Сүрөтү, көзү өтсө да, бизди дайым, Аталык айбат менен карап турат...(с)
1590   62
08.12.2019
Иштеген аялдар да, эркектер да, алардын арасында жаштарыбыздын жумуш ордундагы асылуулар, опузалоо, куугунтук жана кемсинтүү учурларын талкууга алдык. Эмгек профсоюздарды колдогон Solidarity Center демилгеси менен өткөрүлгөн конференцияда ар кандай тараптар чакырылгандыгы үчүн, иштеген жаштарды коргоо уюмунун көмөктөшкөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык. Кечээ атайы презентацияда, жаштарыбыздын жумуш ордунда кездешкен орой мамиледен баштап, “испытательный срок” (текшерүү мөөнөтү) деген шылтоо менен иштеген акысын жумуш берүүчүлөр төлөбөй койгон учурлар да талкууга алынды. Сексуалдык асылуулардын саны абдан көп экендигин билсем да, студенттердин, жаш кыздарыбыздын үн чыгарып, өздөрүн коргой албаган учурларды угуп, сексуалдык асылууларды азайтууга багытталган мыйзамдын зарылчылыгын катышкан тараптардын баардыгы белгилеп кетишти. Таксиге отурган кыздар, мамлекеттик жана жеке ишканаларда иштеген кыз-келиндердин калоолоруна каршы экендигин билсе да, токтобогон коллега/жетекчилерди тарбиялоо келек. Изилдөөлөрдүн натыйжалары өкүнүчтүү- ар бир бешинчи студент, ар бир үчүнчү иштеген аялдардын көңүлдөрүн ооруткан окуялар, тууган-жолдошторуна “эл эмне дейт/жаман сөзгө жыгыламын” айтпаган учурлар. Жумуш ордунда официант кызыбыз да, жаш адис жигитибиз да, жалгыз бой энелер да, үй-бүлөлүү жарандарыбызды мамлекет тарабынан коргоо бар экендигин сезип, тынч иштеш керек. #Барболгула