1895
16.02.2020
Биздин Минкульт азамат! Туптуура кылышты! Ушул "Искушение" деген театрдын эркектери вообще уяттары жок экен! Эми тиги тыржыйган пигуралары менен бизге келип алып жылаңач бийлейбиз деп ойлошуптур. Денелери вообще безобразный экен, катуу, эттери, булчуңдары бөлүнүп бөлүнүп кетиптир, ачыкачылыктын символундай болуп. Курсак вообще жок, некрасиво смотрится. Кийинткени жакшы болду. Аларды көрүп биздин эркектер аябай неудбно болуп, боорлору оорумак . Ошончо обужоктонбой биздин эле эркектердей болушпайы ай? Мындай кенен, балжайып жакшынакай болушуп, басканда курсактар зирт-зирт деп титиреп турат мындай эффектно болуп. Курлар тигилердикиндей чытырабай ылдый вальяжно салаңдап, соблазнительный болуп турат. Эт-май деген кенен капталдардан кат-кат болуп, молчулуктун, токчулуктун нурун чачып турат. Көйнөктөрдүн топчулары чаначтай болгон симпатичный курсактарды сүйүнүп чытырап кучактап турушат. Мына ошондой болуп, биздин стандартка жакындап келишсин, анан пожалуйста бийлей беришсин чечинмек турсун жылаңачтанып алып, бөлөк-салак болуп, туурабы достор?