Ilim Karypbekov
@ilim_karypbekov
Ilim Karypbekov

Подписчики: 267540
Посты: 2934
Подписки: 100
Прошу быть корректными. Оскорбления будут удаляться и блокироваться. У меня много фейк аккаунтов. Настоящий мой где больше 250 000 подписчиков.
https://t.me/ilim_channel


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
2260  
05.02.2020 Рай на земле
Жашасын дотация! Дотациядан тарт колуңду депутат! ****** Искендер Исмаилович! Суранам, балээнин баарын баштабаңызчы! Азыр сизди туурап, шайлоо алдында упай топтойм деп башкалар дагы баштайт биздин айылга өкмөттөн дотация кереги жок ыйолкиники деп, анан балее блуп, көп адамдын жашоосунда трагедия болот. Эмне балээ болот? Азыр түшүндүрүп кетейин. ****** Бул дотация деген байкуш толтура адамды жыргатат! Минфинден акча айыл өкмөтүнө өз убагында, бюрократиясы жок, тиги-бу, кыйтың-пыйтыңы жок которулуш үчүн Минфиндеги бир-эки кишиге бирдеке бериш керек. 1) Алардын үй-бүлөсү отурат ошол дотацияда. 2) Антип- минтип айыл өкмөтүнүн эсебине жетип түшкүчөктү ушундай үй-бүлөнүн эки-үчөө жыргашат ооо дотация деп. 3) Анан айыл өкмөттө отургандар ал акчаны өз максатына жеткириш үчүн өз дотацияларын тендер-пендер деп жатып алышат. Бул дотациялардын көбү салт боюнча эркектер бөлүштүрөт эмеспи, анан алар нерв коротушат, укук коргоо органдары аңдып турат, риск деген бар! 4) Анан нервти жоюш үчүн ойноштор күндүр-түндүр иштешет. Ошентип дотациянын бир бөлүгү аларга кетет. Кээде ойноштор дагы жетишпей калат, нервтери катуу болуп кеткенде, айла жок саунага барыш керек болот, анча-мынча элитный сойкулардан жардам сурашат. Ал байкуштар боорукерлер, деле отказ кылышпайт, түнү бою иштеп чыгышат. 5) Алар дагы дотациянын үзүрүн көрүшөт. 6) Анан ал сойку, ойнош байкуштардын үй-бүлөсү, жигиттери деген болот, аларды багыш керек, кантсин байкуштар. Ошентип алар дагы дотациянын үзүрүн көрүшөт. Анан аягында укук коргоо органдары дегендер бар. Алар кармап калышса жакшы дечи, дотациянын басымдуу көпчүлүгү жакшы пайда кылып кетет. Бирок кармай албай калышса, ар-дайым эле ошентип кармай албай калышы үчүн дотация бөлүштүрүүчүлөр аларды дагы унутпай, бөлүшүп туруш керек. Антпесе кусур уруп кетет да. 7) Ошентип аларга дагы нуру тийет дотациянын. Анан аягы келип эсеп палатасы деген бар. Аларга дотациянын нуру тийип турбаса жиндери катуу катуу келип, терең терең казып ийиши мүмкүн. Ошондуктан дотациянын мээрими аларга дагы чачылып кетип турат. Бул 8-чи пункт. ****** Такшто Искендер Исмаилович, көп адамдын убалына калбаңызчы, тынч жашайлы.
3017  
04.02.2020
Урматтуу Эмилбек Саламатович! 1. Кептин башы АКШга көчө качууда эмес, дүнүйөнүн эң улуу державасы Кыргызстанды дүйнөдө жердин көчүгүндө беш мамлекет болсо ошолорго теңеп баалап салууда экенин.... 2. Бул баа башка өнүккөн мамлекеттер үчүн өтө маанилүү болуп, биздин жарандарга виза берүүдө, бизнес, башка алакаларда өзгөчө дыкаат мамиле жасап, биздин жарандар кошумча бюррократиялык тосумдарга чалдыгып, убара болорунда экенин... 3. Дүнүйөнүн эң автаритардуу, демократиядан тайган өлкөлөрдүн бири делген Беларус мамлекети дагы ошол беш мамлекетке теңелерде АКШ менен сүйлөшүп тил таба алгандыгын, биздин бийлик аны дагы кыла албагандыгында экенин.... 4. Кеп биздин паспортубуздун сапатында эле эмес, кыргыз укук коргоо органдары тиешелүү маалымат алмашуу багытында толук кандуу АКШ менен иштеше албай койгонунда, көп жылдардан бери АКШ менен Кыргызстан ортосундагы келишимге кол коюлбай, анын сыры Орусиянын кызыкчылыгынан келип жаткандыгында экенин... 5. ТИМ жаман катындай долуланып, АКШ элчисине кыялын көргөзүп, силер күнөөлүүсүңөр баарына, алакага чувствительный удар жасалды дегендин ордуна, келгиле бирге иштешели, кайсы укук коргоо органдары терроризм багытында кандай кызматташпай жатат, биз толук аракеттерди көрөлү, андай тизмеге кошпогула деп тызылдап, иштеп жетиштүү аракет жасабаганында экенин... 6. АКШнын Трамптан кийин экинчи адамы делген Мамсекретар Майк Помпео демократиянын "д" тамгасын сактабай келген Казакстан менен Өзбекстан мамлекеттерине барып, "демократия аралчасы" аталган Кыргызстанга келбегенин, өз учурунда Мамсекретар болуп турган Хиллари Клинтон Кыргызстанга биринчиден келип, Кыргызстандын ролун өзгөчө баалап, аброюн дүйнөгө көтөрүп кеткендигинде экенин... 7. Ал эми сиз белгилеген көчүп кетчү адамдар бир ууч эле адам болуп, алар дагы жыргаганынан көчүп кетебиз деп жаткан эмес экенин сопсонун билип, көрүп, түшүнүп туруп анан ушуну жазганыңыз менимче уят эле. Кече эле Президент менен жолугушканыңызды эл көрдү. Сизди ал киши Кыргызстандын эң негизги жалгыз иликтөө, стратегиялык институтун жетекчиси катары өлкөбүздүн стратегиялык багытында кандай иш болуп жаткандыгы боюнча сүйлөшүп, сиз кандай сунуштарды берип, алдыда (уландысы комментарийде) ⬇️⬇️⬇️
Загрузка...