Жанар Акаев
@janarakaev
Жанар Акаев

Подписчики: 421926
Посты: 1040
Подписки: 108
twi: JanarAkaev fb: Janar Akaev akaevj@gmail com

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
5804   269   57197
21.04.2020
Элмирбек Иманалиевдин ар бир чыгармасы уккан кишини терең ойго салып, сай сөөктү сыздатып, жан дүйнөнү аңтар теңтер кылаар эле. Мындай тубаса таланттын үнүн, комузун, ырларын элибизде жаш-кары дебей бирдей сүйүп, күтүп укчубуз. Ажалга айла жок экен, улуттун чыгаандары биринин артынан бири кетип жатканы баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып турат. Элмирбек акын сүйүүнү да, турмушту да, азыркы жашап жаткан акыбалыбызды да таамай ырдады. Көп бугу ичинде кетти окшойт ошондо да. "Чоңдорго кайрылуу" деген соңку чыгармасында, эгемендиктен бери төрдөн түшпөй келаткан чоңдорду, алардын дараметин, элдин арманын, азыркы реалдуулукту, нааразылыкты жеткире ырдаган экен. Аз өмүрүндө кошоматка кой сойбой, бетке чабар, адилет, элдин үнүн ырдап келгени үчүн азыр атпай кыргыз мүңкүрөп, сыздап жоктоп турат... Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун чыгаандын.
Загрузка...
6770   235
26.03.2020
Ынтымак жеңишке карай жетелейт. Эки күндөн бери Ош шаарында аз күндө түптөгөн командабыз врач, милициядан, аз камсыз болгон бүлөлөрдөн кабар алып, үйүндөгү оокатынын жарымын тең бөлүшүп, элди коргогондорго рахмат айтып жүрүшөт. Дагы бири алынын жеткенкенинче бет кап сатып алып, көчөдөгү бет кабы жокторго берди. Айтайын дегеним, чын ыкластан жардам бериш үчүн сөзсүз эле чириген бай болуштун кереги жок экенинин далили ушул. Сиздер да тонналап ун, май тарата албасаңар да, колуңардан эмне келсе ошондон жардам бере бергенибиз туура болот. Жок дегенде интернет аркылуу врачтарды даңазалап, аларга жакшы сөз айтып туралы, алар айткан эрежеге баш ийели, үйдө бололу. Биз да колубуздан келишинче, бир айлык акыбызды котордук, депутаттык фонддун акчасын да толугу менен врачтардын мед.коргонуучу костюмдарына бөлдүм. Бай-кедейге бөлүнбөй, бир нанды теңге бөлүп жеген боорукердигибиз менен, эң башкысы расмийлер айткан тартипти бекем сактасак-жеңишке, жайбаракат турмушка жакындап баратабыз...
1637   223
02.04.2020
Кечээ жыйында өкмөт башчыга айтайын десем, мага убакыт жетпей, сөз тийбей калды. Алтынай Өмүрбекова азыркы өкмөттүн курамындагы эң компетенттүү, жоопкерчиликтүү жана иш билги кадр болчу. Ачык-айкын иш алып барган вице-премьер эле. Алтынай Сейитбековнаны кызматтан кетирүү абдан чоң катачылык болду. Мен дайыма бул киши тууралуу жакшы гана ойлорумду айтып келатам, айылдарда бош турган имараттарды бала-бакчага айлантуу демилгесин да чекиндүү баштаган эле. "Ашууда ат алмашпайт",-деген сөз бар. Штабдын ишин алып барып жаткан адамды кетирип, эми жаңысын алып келип аны үйрөткөнчө дагы канча убакыт кетет билбейм. Саламаттыкты сактоо министри катары абдан жакшы иштеп жаткан Талантбек Батыралиевди иштен кетирип, Чолпонбаевди алып келишти. Эми Өмүрбекованы кетирип, айтор, жакшы иштеген, профессионалдарга өкмөттө орун жок. Ал эми мындай кадрларды сактап калууга, керек болсо сырттагы күчтүү кадрларды өкмөткө алып келүүгө биз отурган мокок, жалтак, чечкинсиз парламенттин күчү кайдан жетмек эле. Парламенттик башкаруунун маңызын түшүнбөй, трибунаны, мандатты кор кылган үчүн президенттик эле башкаруу ыңгайлуу деген ойдун башын ачып башташты да. @altynai_omurbekova