Жанар Акаев
@janarakaev
Жанар Акаев

Подписчики: 421926
Посты: 1040
Подписки: 108
twi: JanarAkaev fb: Janar Akaev akaevj@gmail com

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
2237   193   44691
25.04.2020
Өткөн жумада он чакты депутат каршы болгонуна карабай буудайды ташып келүүгө жана ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча мыйзам 3 окууда кабыл алынды. Бирок президент муну азыр артка кайтарганы туура болот. Анткени, азыр Кыргызстан бүт Эл аралык финансы институттарынан каражат сурап жүрөбүз, а өзүбүздүн өндүрүшчүлөр төлөчү анча-мынча салыктардан баш тартуу туура эмес. Дал ушул тапта бул мыйзам керек, бир жарым жылга иштесин, абалдан чыгып алганча. Бирок демилгечилер ун магнаттарын колдоп, НДСти 2025-жылга чейин бошотуп салбадыбы. Бул биздин эле ун чыгаргандардын эмес, Казакстандык ун өндүргөндөрдүн кызыкчылыгы болушу да толук мүмкүн! НДСтен бошотолу, азыр ун өндүргөндөр бутуна турсун, бирок эмне үчүн алты ай, бир жыл эмес, 5 жыл? Атамбаев президент кезинде бул мыйзам казынага 1 млрд сом түшүрбөйт деп айткан, депутат Кенжебек Бокоев 680 миллион сом зыян келет деп жүрөт. Бери дегенде заманбап 12 жаңы мектептин акчасы. Ушуну ЖК колдоп берди. Демилгечилер болсо НДСти албасак контрабандисттер гана утуп жатат дейт, НДСти албай туруп контрабандисттерди тыюу керек эле четинен. Ун ташыган 15 контрабандистти өкмөт жакшы билет. Бул жолу ун чыгаргандар көп келип, мындай мыйзамдар колдоо тапсын, эмкиде кенчилер келсе, анан буларды көрүп казиночулар келсе, аягы эмне болот лоббинин? Бюжет татыш деп коюп, биягынан кайра жайлап аткан учур иши кылып.
2418   184
21.03.2020
КЛДП: Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режимин жарыялап, шайлоолорду жылдыруу зарыл! Кыргызстанда COVID-19 вирусун жугузгандар саны күн санап көбөйүп жатканы бүткүл элибиздин тынчын алууда. Биз мындай кооптуу шартта жарандарыбызды республикалык штабдын, расмий органдардын айтканын дыкаттык менен угуп, эрежелерди бекем сактоого чакырабыз. Ошондой эле өлкө жетекчилиги тез арада Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал режимин жарыялап, жакында өтчү жергиликтүү кеңештин шайлоолорунун мөөнөтүн чукул арада жылдырууну сунуштайт. Элибиздин ден-соолугу, жарандарыбыздын өмүрүнөн кымбат нерсе жок! Элдин саламаттыгы саясат, шайлоолордон жогору турат. Учурда массалык адам чогулчу бардык иш-чаралардан баш тартып, саламаттыкты сактоо тармагындагы оор жүктү азайтпасак, олуттуу кесепеттерге алып келчүдөй абалга келдик. Коронавирус каптаган бардык өлкөлөрдө өзүн-өзү коргоо, башкача айтканда үйдөн чыкпай отуруу талабын аткаруу – илдетти жеңүүдөгү натыйжалуу ыкма болуп жатат. Азыр ар бир мүнөт маанилүү, КЛДП тез арада өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режимин жарыялап, шайлоолорду белгисиз мөөнөткө жылдырууну сунуштайт. @seitekkhaan @eldarbishkek @kldp2020
Загрузка...