Жанар Акаев
@janarakaev
Жанар Акаев

Подписчики: 421926
Посты: 1040
Подписки: 108
twi: JanarAkaev fb: Janar Akaev akaevj@gmail com

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
2783  
07.11.2019
Эркин басма сөздүн, көз карандысыз журналистиканын демократияга умтулуп, бирок түрдүү тоскоолдуктарга кабылып келаткан жаш өлкөбүз үчүн опол тоодой орду бар. Кайсы гана бийлик болбосун Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айтып, аны кошуна өлкөлөргө салыштырып баалап келишет. Бул туура эмес. Эркиндикти баалаган элибиз, маалымат каражаттарыбыз үчүн бул дагы жетишсиз, бизде сөз эркиндиги мындан дагы көбүрөөк эркин болушу зарыл. Бирок эркиндик-жоопкерчилик менен сөзсүз айкалышы керек. Тилекке каршы, азыр көп медиалар саясий топтордун куралы болуп калышууда. Бирок олуттуу журналисттик иликтөөлөрү, түрдүү тармактардагы фактыларды алып чыгуу аркылуу кээ бир медиа мекемелер прокуратура, соттор, милиция жасай турчу чоң миссияны аткарышууда, алар коомдук пикир жаратуу аркылуу бийликтерди чара көрүүгө аргасыз кылышууда. Биз ошондой журналисттерди дайыма үлгү катары көрсөтүшүбүз керек, маселен чыгаан журналистибиз Уланбек Эгизбаевдин көзү өткөн менен, анын таланты, калтырган изи түбөлүк өчпөй, муундан муунга үлгү болуп кала бермекчи. Урматтуу журналисттер, кесиптештер-бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Сиздердин теле, радио же гезит макалалар болобу, обого чыгышын окурман, көрөрман, угармандар чыдамсыздык менен күтүшсүн! #janarakaev