Жанар Акаев
@janarakaev
Жанар Акаев

Подписчики: 421926
Посты: 1040
Подписки: 108
twi: JanarAkaev fb: Janar Akaev akaevj@gmail com

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
604   50
09.12.2019
Венгрия 2020-2021-окуу жылына карата бакалавр, магистратура жана доктарантура программалары боюнча билим алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына 75 бюджеттик орун бөлдү. Бакалавр 30, магистратура 30 жана докторантурага 15 орун. Билим берүү жана илим министрлиги аталган бюджеттик орундарга сынак башталганын кабарлайт. Гранттар Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Program программасы аркылуу бөлүнүп жатат. Программаны башкарууну Темпус коомдук фонду жүргүзөт. Кыргызстандын жарандары төмөнкү багыт боюнча акысыз билим ала алышат: ✅Бакалавриат программасына тапшыруучулар: айыл чарба, социалдык, экономикалык, техникалык жана табигый илимдер, информациялык технологиялар, спорт жана мамлекеттик саясат. ✅Магистратура программасына тапшыруучулар: айыл чарба, социалдык, экономикалык, техникалык жана табигый илимдер, информациялык технологиялар, спорт жана мамлекеттик саясат. ✅Докторантура программасына тапшыруучулар: бардык багыт боюнча. Тандоо шарттары, керектүү документер жана конкурс боюнча кеңири маалыматты министрликтин сайтындагы төмөндөгү шилтеме аркылуу алсаңыздар болот: https://edu.gov.kg/kg/mezhdunarodnye-programmy/postuplenie-v-vuzy-vengrii-v-ramkah-stipendialnoj-programmy-stipendium-hungaricum-scholarship-programme-na-2020-2021-uchebnyj-go/
Загрузка...
2253  
22.11.2019
Жогорку Кеңеш түзгөн депутаттык комиссияга “миллиарддык схеманынын” бетин ачууга коомчулукта таптакыр ишеним жок, ал жерде кызыкчылыктар кагылышы болоору турган иш. Менин сунушум, түзүлгөн комиссия “көз карандысыз” комиссия деп макамын өзгөртүп, анын курамына жарандык коом, оппозиция, эл ишенген калыс инсандар кошулуп, бажыга, акча ташууга тиешеси бар делген бардык жетекчилер, депутат, саясатчылар курамынан чыгарылсын! Мурда кийин бажыга, акча ташууга таптакыр тиешеси жок адамдар гана мүчө болсун! Ошондо гана бул окуяга акыйкат баа берилип, мындан аркы кара схема кан буугандай токтойт! Окуя биз ойлогондон да терең. Биздин угушубузча Саймати менен бир топ саясатчылар жакындан кызматташып келген, Кыргызстандан чыккан акчалар Саймати аркылуу Сирияга чейин жетип турган деген маалыматтар бар. Стамбулдагы башкы консул Сопоков Кыргызстанда бир нече ирет түрмөгө отуруп чыккан атактуу криминалдык төбөлдөрдүн биринин жакын досу! Иликтөөдө аты аталган чет элдик ишкерлер буга чейин Кыргызстанды башкарган кишилердин атынан чоң мечиттин курулушун каржылап, жеке учагы менен учуруп, керек болсо резиденциянын ичине кошумча резиденция куруп бергени тууралуу маалыматтарды да иликтөө ачыкташы зарыл! Бул иликтөө өз ара тирешкен саясий топтордун чырагына май тамызышы мүмкүн, бирок баарыбызда бир гана кызыкчылык болушу шарт-ким экендигине карабай коррупциялык схема түзгөн уурулар жазага тартылышы керек! Жарандык коомдун катышуусунда гана калыс чечим чыгып, мындан да терең схемалар ачылат деп ойлойм. А өкмөттү кетиргенден эмне пайда? Аларды күч блогу менен кошо чакыралы, баарына жооп берсин! #janarakaev
5117  
19.11.2019
Эмне үчүн? Ошто он миңдеген жаштар чогулган жерде, бир катар алдыңкы студенттерди сыйлоо менин демилгем болчу. Волейбол боюнча улуттук курамада тарыхта алгачкы жолу Азиянын аймактык чемпионатында жеңишке жетти, ошол курамда ойногон Өмүрбек ОшМУнун студенти экен. Төраганын энчилүү саатын бердик. Андан сырткары илимде жүргөн, коомдук иштердеги активисттер сыйланды. Жаштар комитетинин төрагалары айтканга оңой болгону менен окуусунан сырткары коомдук жумушту да бирдей алып кеткен азаматтар. Ошондой эле Оогандан атайын билим алам деп келген памирлик боордошубузга да атайын сыйлык бердик, өз элимде алган билимимди оогандагы мекендештерибизге үйрөтүп, агартам деген мыкты жигит экен. Бул эми стимул болсун деген жакшы ой, Нарында, Таласта, Баткенде болобу, мыкты жаштарга көз салып жүрөбүз. Аларды да башкаларга үлгү кылып, стимул берип, өрнөк болчу жаштарды кубаттап турушубуз керек. #janarakaev