560 64
22.05.2020
Боорукер, жароокер жарандарга рахмат!
Мекендештерди иш жүзүндө колдоп, ушундай оор абалда кирешесинен бөлүшкөн жарандарыбыз көп экени мени ого бетер кубантты. Москвадагы @janylan_ru баштаган ишти Түркиядагы журтташтарыбыз улантып, Мираскар Агенттиги Анталия демилгени колго алды. Өзү он жылдан ашуун мигрант болуп иштеп келген, Жалал-Абаддык ишкер жердешибиз 300 миң сомун Москвага которду. Депутат @mamataliev_marlen да жардам колун сунду, 50 миң сомду Москвага өзү которду. Нурусланбек Байзаков айыл чарба тармагындагы ишкер, кечээ Түркияга 30 миң сом каражат которду. Жогорку Кеңештин төрагасы депутат Абдывахап Нурбаев (Abdyvahap Nurbaev), Каныбек Иманалиев үчөөбүздүн кайрылуубузду четке какпай, 100 миң сом бөлдү, анын 80 миңин Москвага, 20 миң сомун Түркияга котордук. (ошондо Түркияга 50 миң которулду кечээ, бул менин акчам эмес). Кореядан Эмил байке, Прагадан Венера эже, иши кылып ким колунан келишинче тыйын берип жатышат. Москвадагы балдар ар бир жардам алгандардын ыраазылыгын Сиздерге айтып жатышат, урматтуу кайдыгер эмес жарандар! Карайлап турган мусаапырга эсебине 2 миң рубль түшкөн деле убактылуу жакшы жардам болот экен.
Элибиз жакшы, ушундай шартта көптөп отуруп 1 миллион 150 миң каражат чогулта алыппыз. Дагы да иш уланууда, төмөнкү дарекке байланышсаңыздар болот.