4746 59
08.03.2020
Куршаб
Ардактуу апалар, кымбаттуу эже-карындаштар! Сиздерди 8-март - Аялдардын эл аралык майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Аялзат - үй-бүлөнүн куту, өмүрдүн булагы. Сиздердин демиңиздер менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай, ийгилик жаралат.
Апаларыбызга бизге өмүр бергени үчүн терең таазим этип, аялзатынын талыкпас эмгегине, чыдамкайлыгына чын жүрөктөн ыраазычылык айтам. Сиздерге бекем ден-соолук, ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Ар бир күн сиздерге бакыт жана кубаныч тартууласын!
Дайыма коломтобуздун куту катары төрүбүздө, урмат-сыйда жүрүңүздөр! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!