Кубаныч Сатаев
@kubanych_sataev
Кубаныч Сатаев

Подписчики: 302206
Посты: 3569
Подписки: 1133
🎤ЫРЧЫ-ОБОНЧУ 🎤MUZA MEDIA YouTube
https://youtu.be/TyXBrtxiGCk


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
415   66
07.03.2020
Кутман күн замандаштар! Коронавирустан сактануу үчүн деп убактылуу Филармония, Спорт Сарайындагы концерттер токтотулду. Кудай буйруса биздин концерт башка күнү болот. Бардык күйөрмандардан жана күн сайын даярдык көрүп жаткан чыгармачыл командабыздан кечирим сурайбыз. . Биз мисалы законго баш ийип макул деп койдук. Бирок башка жактарда концерттер жана чай концерттер болууда. А эмне үчүн булардыкы өтүп жатат десек, булар частный деп кутулушууда. . Жеке биз ал ырчыларга же ал имарат ээлерине ичи тардыгыбыз жок. Бирок адилеттүүлүк болбой жатпайбы. Эмне Коронавирус бул Гос, бул частный жер деп тандап барабы? Биз мамлекеттик имаратта концерт бергени жатканыбыз менен өзүбүз частный багыттагы өнөр адамдарыбыз. Бул концертти берели деп былтыртан бери филармониядан күн ала албай жүрдүк. Канча чыгаша кетти аны ким төлөп берет эми? Аны эске алып компенсация төлөп бере алабы өкмөт? Концерт башка күнгө жылат макул, бирок аны элге жарнамалоо үчүн кайрадан рекламага, жана башка нерселерге кайрадан чыгаша кетет... . Азыркы заманда концерт берүү оңой нерсе эмес. Айрымдар залдагы кишилердин санына билет баасын көбөйтүп койот, бирок кетирген чыгашаны эсептешпейт. Концертти ырчылар чыгармачылыгын таанытуу, өзүнө-өзү отчет берүү үчүн берет чындыгында. Концерттен киреше табуу үчүн бир нече күн бериш керек. Же башкы демөөрчүсү болуш керек ... . Толгон-токой суроолор башыбызда. Мыйзам баардыгына бирдей иштеп, талап дагы бирдей коюлушу керек болучу. Сиздер кандай деп ойлойсуздар? Сиздер мындай абалда калсаңыздар эмне кылмаксыздар?
Загрузка...