136
2039
29.10.2019
🎵Суроолоруңуздар боюнча ырдын тексти.
.
Кызганыч
Сөзү: Тууганбай Абдиев
Обону: Сыймык Бейшекеев
@syimykbeyshekeev2
Көлөмүң болуп кичине, көзүмдүн батсаң ичине,
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн, көңүлү бузук кишиге.
Карааның болуп кичине, каректин батсаң ичине,
Каратпайт элем өзүңдү, карашы бузук кишиге.
Карасаң башка кишиге, кан толо түшөт ичиме,
Ээликсе жүрөк булкунуп, ээ боло албайм күчүнө.
Жанаша калсаң кишиге, жалдырап карайм жүзүңө,
Балекет кылбасаң экен, башканын кирип түшүнө.
Бийлетип оюм-санаамды, биликтей күйүп жанамбы?
Элестеп жүрүп өзүңдү эс жинди болуп каламбы?
Кыйсыпыр кылдың санаамды, кыргыздан сендей табамбы?
Сыртыңдан жүрүп кызганып, сыркоолуу болуп каламбы?
Көлөмүң болуп кичине, көзүмдүн батсаң ичине,
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн, көңүлү бузук кишиге.
Айтканда күйүп айла жок, ашыктык оту пайда жок,
Мени сүй эгер ишенсең, мен сүйгөн менен пайда жок.