304 2
29.11.2019
Туяктын көркү тулпарда,
Канаттын көркү шумкарда.
Кулундун көркү жылкыда,
Каз канаттап эл турса,
Аш, тойдун көркү ырчыда.
Темирдин көркү өгөөдө,
Жыгачтын көркү мөмөдө.
Баатырдын көркү маңдайда,
Чечендин көркү таңдайда.
Бирер түркүн эр жигит
Жетишпей жүрөт ар кайда.
Сыянын көркү каламда,
Сырыңды айтпа жаманга.
Сыр алышып, сыр түйгөн
Сырдашың келет саламга.
.
#кубанычсатаев #бишкек #ырлар #үлгүырлар