Кубаныч Сатаев
@kubanych_sataev
Кубаныч Сатаев

Подписчики: 302206
Посты: 3569
Подписки: 1133
🎤ЫРЧЫ-ОБОНЧУ 🎤MUZA MEDIA YouTube
https://youtu.be/TyXBrtxiGCk


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
120   12   2268
04.03.2020
Концерт ийгиликтүү өтсүн деген достор лайк басып, комментарий же жактырган смайликти калтырып койгула. Бир күндө баракчамдан канча киши окуйт экени кызык болууда... Концертке аз калды, билеттер дагы азайып баратат. Шашылгыла достор!🤩 --- ✨Жаз майрамдарын утурлай, асылзат айымдардын урматына, болгону бир гана күн- 11-мартта! . ✨Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кубаныч Сатаев жана Кундуз Авашова: "Асыл жарым" аттуу шоу концертин тартуулашат. . ✨Концерттин коноктору: КРнын эл артисти Саламат Садыкова, эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев, Кубаныч Ажыбаев, Омар, Толгонай Арзыкеева, Таалай Сатаев, Союзбек Сейитказиев ж.б. @salamatsadykova @syimykbeyshekeev @kubanychazhybaev @omar.zhanyshov @tolgonai_arzykeeva @soyzbek_seyitkaziev @taalai_sataev . ✨Өмүрдун көркүн ачкан, ааламга нурун чачкан: алпейим апаларды, гүл кыздарды, мээрими көл эжелерди, асыл жар, татына түгөйлөрдү эрчитип, бактылуулук жана ынтымакты жар салган ыр майрамга кош келиңиздер! . ✨"Керемет", "Ак мөөр", "Ажар", "Кыргыз чүрөгү", "Каныкей" бий топтору коштойт. @keremet_dancegroup @ak_moor.dance @kyrgyz_churogu_dance_group @ajar @kanykei_dance ✨Алып баруучу: Расул Багышпаев @rasul.bagyshbaev ✨Режиссер : Жылдызбек Турсунбаев @jyldyzbektursunbaev_official ✨Башталышы саат 18.30 ✨Билеттер боюнча: 0557888987
Загрузка...
136     2039
29.10.2019
🎵Суроолоруңуздар боюнча ырдын тексти. . Кызганыч Сөзү: Тууганбай Абдиев Обону: Сыймык Бейшекеев @syimykbeyshekeev2 Көлөмүң болуп кичине, көзүмдүн батсаң ичине, Көргөзбөй алып жүрмөкмүн, көңүлү бузук кишиге. Карааның болуп кичине, каректин батсаң ичине, Каратпайт элем өзүңдү, карашы бузук кишиге. Карасаң башка кишиге, кан толо түшөт ичиме, Ээликсе жүрөк булкунуп, ээ боло албайм күчүнө. Жанаша калсаң кишиге, жалдырап карайм жүзүңө, Балекет кылбасаң экен, башканын кирип түшүнө. Бийлетип оюм-санаамды, биликтей күйүп жанамбы? Элестеп жүрүп өзүңдү эс жинди болуп каламбы? Кыйсыпыр кылдың санаамды, кыргыздан сендей табамбы? Сыртыңдан жүрүп кызганып, сыркоолуу болуп каламбы? Көлөмүң болуп кичине, көзүмдүн батсаң ичине, Көргөзбөй алып жүрмөкмүн, көңүлү бузук кишиге. Айтканда күйүп айла жок, ашыктык оту пайда жок, Мени сүй эгер ишенсең, мен сүйгөн менен пайда жок.