Кундуз Казыбек кызы
@kunduz_kazybekkyzy
Кундуз Казыбек кызы

Подписчики: 73319
Посты: 666
Подписки: 605
✒Основ. YOUTUBE- @solomedia.kg ✒Музыкальный редактор🎼 ✒Радиоведущая 🎧 ✒Телеведущая 💻
http://www.youtube.com/solomediakg
Загрузка...
Балага кошумча тамак🥣 @ene_jana_nariste Балаңызга 6 ай болгондон тартып кошумча тамак бериле баштайт. Алгач эмнеден баштайсыз? 🛑 Пюре бир гана жемиштин түрүнөн жасалыш керек 🛑 Шекер, туз, ун же крахмал кошулбаш керек 🛑 Эгер өзүңүз жасасаңыз, анда бууда бышырылып же сууда кайнатылыш керек 🛑 Алгачкы кашага сүт кошулбаш керек 🛑 Глютен болбогон дан азыктан даярдалышы керек( күрүч, гречка) Мына ушундай энелер үчүн кызыктуу маалымат камтылган "Балага кошумча тамак" аталышындагы китеп белеке келди. Аталган китепти бир дем менен окудум, себеби 3 балалуу болуп ушундай пайдалуу маалыматтарды кезиктире элек элем. Эки уулумда тең кошумча тамак бергенде бир топ каталарды кетиргенимди сездим. Сиздерге дагы сунуштайм! Китепти кайдан алам десеңиздер @ene_jana_nariste баракчасына кайрылыңыздар📚

Загрузка...
650   21
18.06.2020
#менденмаалымат Япондор балдарын кантип тарбиялайт? Бир дагы бала гений же келесоо болуп төрөлбөйт. Бардыгы тарбиядан жана курчап турган чөйрөдөн көз каранды. Келечекте балаңыз кандай болоорун сиз 3 жашка чейинки берген тарбияныздан көз каранды. Бул тууралуу Масару Ибуканын "3 жаштан кийин кеч" китебинде айтылат. Балдарга скрипканы жакшы музыкант болуш үчүн же англис тилин мыкты лингвист болуш үчүн үйрөтпөйт. Эң негизги бала эмнеге жөндөмдүү экенин билүү же потенциалын ачуу болуп саналат. Ошондуктан бир нече кеңештерди билип алыңыз: ⭕️ Ымыркай кезинде баланы көбүрөөк колго алып эркелетиниз. "Колго көнүп калат" деген болбогон кеп! ⭕️ Балага түстүү карандаш, кагаздарды эртерээк белек кылыңыз. Бул фантазиясын өстүрүүгө жардам берет. Чыгармачылык изденүүсү артып, интеллекти жогору болот. ( Мен эки баламда тең чоңойгондо үйрөнөт деп, 3 жашынан кийин кагаз, карандашты карматкам. Азыр өкүнүп калам. Себеби кол жазмалары начар болуп калды😌 Азыр анын үстүнөн иштеп жатабыз. ⭕️ Сөзсүз эле балага кымбат оюнчук алып берип, түрдүү курстарга катыштыруу зарыл эмес. Балага ата-эненин көңүл буруусу керек. Өзүңүз үлгү болуңуз. ⭕️ Жомокторду, ырларды көп окуп берип, аларды жаттатыш керек. Бала 100-200 кыска ырды оңой эле жаттап алат экен. Мына ушундай кызыктуу маалыматтар камтылган, бала тарбиялоо тууралуу китеп алгыңыз келеби? Анда лентаны акмалап туруңуз. Бир нече күндөн кийин "бала тарбиясы" жөнүндөгү китептерди ойнотом📚📚📚
616   20
16.06.2020
Апасы кошуна аялдан туз сурап жатканын уккан баласы: “Апаке! Кечээ базардан бир баштык туз алып келдим эле, эмне үчүн кошунадан дагы туз сурап жатасыз?”- деп сурайт. Апасы: “Уулум! Кошунабыз колунда жок кедей адамдар. Алар дайыма бизден муктаж болгон нерсесин сурап турат. Мен андан бир аз гана туз сурадым, чоңураак нерсе сурап ыңгайсыз абалда калтыргым келген жок. Негизи мага туз керек эмес болчу, бирок туз сураганымдын сыры башкада. Алар менден бир нерселерди сураганда уялып, кысталып калбастыгы үчүн, мен дагы кээде аларга муктаж болуп тураарымды сездиргим келди”- деп жооп берет. Бул - алтын тамгалар менен жазыла турган адеп-ахлактын туу чокусу... Эгерде аял жакшы болсо, анда ал уул-кыздарына үлгү боло алат. Ал эле эмес, жалпы элди туура багытка баштай турган жакшы урпакты, келечек муунду тарбиялап өстүргөн мектеп болот... Кошуналардан кабар алып, ал-жайын сурап туруңуз.