Кундуз Казыбек кызы
@kunduz_kazybekkyzy
Кундуз Казыбек кызы

Подписчики: 73319
Посты: 666
Подписки: 605
✒Основ. YOUTUBE- @solomedia.kg ✒Музыкальный редактор🎼 ✒Радиоведущая 🎧 ✒Телеведущая 💻
http://www.youtube.com/solomediakg
Загрузка...
Ата-эне балдарынын ар кандай курстарга, ийримдерге берип алардын өсүп-өнүгүшүн каалайт. Бирок байкашымча көпчүлүгү "мода" болгон ийримдерди балдарына таңуулап коюшат. Алардын эңсөөсү экинчи орунда калып өздөрү кичинекей кезинде жетпей калган кыялдарын баласы аркылуу орундатууну каалашат. Бул канчалык деңгээлде туура? Бир учурда бала бир нече курстарга барып өздөштүрүп кете алабы? Балага терс таасирин тийгизип калбайбы? Мына ушул суроолорго 20-июнь күнү менин баракчамдан түз эфир аркылуу психологдон кеңеш алабыз. Апалар өткөрүп жибербеңиз. Себеби сизге өтө пайдалуу! "Wisefull” психологиялык борборунун негиздөөчүсү Нурзат Айтбай менен болгон түз эфир саат 20:30 да башталат! #психология#психологонлайн

Загрузка...
650   21
18.06.2020
#менденмаалымат Япондор балдарын кантип тарбиялайт? Бир дагы бала гений же келесоо болуп төрөлбөйт. Бардыгы тарбиядан жана курчап турган чөйрөдөн көз каранды. Келечекте балаңыз кандай болоорун сиз 3 жашка чейинки берген тарбияныздан көз каранды. Бул тууралуу Масару Ибуканын "3 жаштан кийин кеч" китебинде айтылат. Балдарга скрипканы жакшы музыкант болуш үчүн же англис тилин мыкты лингвист болуш үчүн үйрөтпөйт. Эң негизги бала эмнеге жөндөмдүү экенин билүү же потенциалын ачуу болуп саналат. Ошондуктан бир нече кеңештерди билип алыңыз: ⭕️ Ымыркай кезинде баланы көбүрөөк колго алып эркелетиниз. "Колго көнүп калат" деген болбогон кеп! ⭕️ Балага түстүү карандаш, кагаздарды эртерээк белек кылыңыз. Бул фантазиясын өстүрүүгө жардам берет. Чыгармачылык изденүүсү артып, интеллекти жогору болот. ( Мен эки баламда тең чоңойгондо үйрөнөт деп, 3 жашынан кийин кагаз, карандашты карматкам. Азыр өкүнүп калам. Себеби кол жазмалары начар болуп калды😌 Азыр анын үстүнөн иштеп жатабыз. ⭕️ Сөзсүз эле балага кымбат оюнчук алып берип, түрдүү курстарга катыштыруу зарыл эмес. Балага ата-эненин көңүл буруусу керек. Өзүңүз үлгү болуңуз. ⭕️ Жомокторду, ырларды көп окуп берип, аларды жаттатыш керек. Бала 100-200 кыска ырды оңой эле жаттап алат экен. Мына ушундай кызыктуу маалыматтар камтылган, бала тарбиялоо тууралуу китеп алгыңыз келеби? Анда лентаны акмалап туруңуз. Бир нече күндөн кийин "бала тарбиясы" жөнүндөгү китептерди ойнотом📚📚📚
616   20
16.06.2020
Апасы кошуна аялдан туз сурап жатканын уккан баласы: “Апаке! Кечээ базардан бир баштык туз алып келдим эле, эмне үчүн кошунадан дагы туз сурап жатасыз?”- деп сурайт. Апасы: “Уулум! Кошунабыз колунда жок кедей адамдар. Алар дайыма бизден муктаж болгон нерсесин сурап турат. Мен андан бир аз гана туз сурадым, чоңураак нерсе сурап ыңгайсыз абалда калтыргым келген жок. Негизи мага туз керек эмес болчу, бирок туз сураганымдын сыры башкада. Алар менден бир нерселерди сураганда уялып, кысталып калбастыгы үчүн, мен дагы кээде аларга муктаж болуп тураарымды сездиргим келди”- деп жооп берет. Бул - алтын тамгалар менен жазыла турган адеп-ахлактын туу чокусу... Эгерде аял жакшы болсо, анда ал уул-кыздарына үлгү боло алат. Ал эле эмес, жалпы элди туура багытка баштай турган жакшы урпакты, келечек муунду тарбиялап өстүргөн мектеп болот... Кошуналардан кабар алып, ал-жайын сурап туруңуз.