414 19
25.05.2020
Бир жолу мектепке гипноз менен алектенген группа келип өнөрлөрүн тартуулап кетишти. Баарыбыз укмуш таасирленип аларды туурамай болдук. Классыбыздын ичиндеги лаборотория кабинетине кирип алып, кадимки сүлгүнү нымдап, бири-бирибизди муунтуп уктата баштадык🙈🙈😩😩 Элестетиңиз класста кыргыз тили сабагы болуп жатса алты-жетөөбүз ички кабинетте бири-бирибизди муунтуп ойноп жатабыз😱🤦♀️ Корсо муунтканда дем кысылып, кычкылтек жетпей бир нече секундка "өчүп" калат экенсиң. Мындай эксперимент кооптуу экенин ал учурда кайдан билели🤷♀️ Оюбузда гипноздун атаманыбыз 😂 Кезек менен ар бирибиз уктап чыктык😅 Бир маалда бир кызыбыз ойгонбойт, бетине чапкылап жатабыз, суудан чачып атабыз. Көптө барып көзүн ачты. Чынында аябай корктук,андан кийин каткырып күлдүк 😄 Мугалимибиз да биздин ички кабинетте ызы-чуу болуп жатканыбызды билип калып, директорго чейин алып барганы эсимде😂 Окуучулук күндөр мына ушундай окуялар менен кызыктуу экен. Азыр классташтар чогулуп калсак мектептеги "приключенияларыбызды" эстеп алып жыргайбыз😊 Силерде деле ушундай сыяктуу окуялар болсо керек?
Майрамыныздар менен!