Кундуз Казыбек кызы
@kunduz_kazybekkyzy
Кундуз Казыбек кызы

Подписчики: 73319
Посты: 666
Подписки: 605
✒Основ. YOUTUBE- @solomedia.kg ✒Музыкальный редактор🎼 ✒Радиоведущая 🎧 ✒Телеведущая 💻
http://www.youtube.com/solomediakg


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
513   25
19.02.2020
Балага китеп окуп бересизби? 📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚 Кунуго болбосо да 2-3 кундо жатаар маалда «365 кун» жомок китебин балдарыма окуп берем. Аларга кызыктуу болуш учун жаныбарлардын унун туурап, маймыл болгонго туура келет😅 Анан соссуз турдо «эмнени тушундунор айтып бергиле» деп кайра сурайм. Болгон фантазиясын иштетип,кошчусун кошуп айтып беришет😁 Мындай ыкма баланын дуйно таанымын кенейтип, кругозорун остурот дешет адистер. Жакында бир китеп коруп калдым, смартфонго атайын тиркемени жуктоп ошол аркылуу ал китепти корсо суроттору жанданат экен. Жан жаныбарлар, динозаврлар кыймылдап, балага ото кызыктуу болчудай. Эми ошону алып берейин деп дуконго жетпей журом. Бирок ага чейин китеп кунундо Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан «Учтон кийин кеч» деп аталган баштыкчага толгон китеп белеке келди📚📚📚 Уйго чейин жеткирип берип озгочо конулумду которушту🤗📚 Чон ыраазычылык билдирем🙏 @3tonkiyinkech Балдарга ото пайдалуу жана мен озум коптон бери кызыгып жургон Уинстон Черчилльдин мыкты создору камтылган китеби колума тийди😍😍😍🙏🙏🙏 Кыскасы китептерим менен мактана кетейин😁😁😁 Балага дагы кандай китептерди сунуштайсыздар? Озунуз китепке кызыгасызбы?
Загрузка...
813   78
28.04.2020
Бугун бизге 3 ай 🌙 ........................................................ Копчулугу «Айколдун атын кандайча коюп калдынар эле?» деп сурашат. Негизи эле балдарга ысым ыйгараарда терен маани беребиз. Себеби ысым анын келечек тагдырына таасирин тийгизет деген ишенимдер бар эмеспи. Биринчи уулубузду чон атасы баталуу бала болсун деп Акбата койсо, экинчисин тайенеси уйкаштырып Актилек деп койгон. Уй-булобуздун салтына ылайык балдарыбыздын аттары «АКтан» башталышы керек эле😊 Бирок учунчу уулубузда татыктуу ат таба албай койдук. Ошондуктан Айкол Манастай журогу кен жигит болсун деп дал ушул атты ыйгардык. «Айкол» кыздардын аты го деп калышат биринчи укканда, бирок эркек балага да кыз балага да бирдей коюлат. Мындай ысымдар коп. Мисалы биздин кошунабыз бар эле аялынын аты Максат куйоосунун аты Жылдыз😅 «Акжолтой, Кумар» деген аттар да копчулук учурда бирдей коюлат. Бир жолу Кундуз деген эркектин ысымын угуп шок болгом😁 Кыз балага да, уулдарга да коюлуучу кандай ысымдарды билесиздер? #АйколАкбарович
286   11
26.04.2020
Улуу балам Акбата ото сезимтал, сабактан оозекиге жакшы, тарыхый инсандардын кобун билет, санжырачы, жанылыктарды корот. Жаныбарлар дуйносун жактырат. Мультфильмдерден «керемет кочту» калтырбайт😁 Актилек «боевой» 👊 ютубду ачса, эрежесиз уруштарды корот👊танка оюндарын ойнойт. Келечекте «боксёр» болом дейт. Эки бир тууган желкелешип кетсе соссуз Актилек женип чыгат😜 «согушканды каяктан уйронгон?» деп байкеси тан калат😅 Бир тарбия алып, бир уй-булодо чоноюп жатса да экоонун мунозу эки башка, кызыгуулары болок. Маал-маалы менен кыялдары озгоруп турат,келечектеги кесиптери алмашып турат. Ата-эне катары балдарды кичинекей кезиндеги шыгын ойготуп, талантына жараша тарбия бериш учун эмне кылыш керек? Дегеле бала эмнеге кызыгып жатканын кантип билсек болот? Келечегин кантип куруу керек? Бул тууралуу суроого эртен (27.04.2020) саат 14:00до психолог Нурзат Айтбай @__nurchee менен болгон туз эфирден жооп аласыз. Сиздин баланыз эмнеге шыктуу?