Manas Alykulov
@manas_alykulov
Manas Alykulov

Подписчики: 169494
Посты: 565
Подписки: 440
Showman Ведущий По вопросам сотрудничества +996504009009 +996778383593 > WathsApp

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
7841   520
24.04.2020
Сүйүнчү, калайык, сүйүнчү.! Ж.Алыкуловдун көчү уланып, тукуму уланып уулдуу болдук. Уулубуздун атын көй кашка талант Элмирбек Иманалиевдин атынан Элмирбек деп койдук. Учурда Элмирбек агабызды жалпы журт жоктоп, "ордун ким толуктайт да ким толтурат" деп өксүп турган чак. Уулубуз да эл уулу болсун, Элмирбек агабыздай узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таанымал залкар болсун дедик. Төрт туягы такалуу, суу куйса чайпалбаган жорго болсун деп ырымдадык. Агабыздын миң кырлуу талантынын бир тарабын алып кетсе биз үчүн ошол чоң сыймык. Өмүрүнүн кыскалыгын эмес нускалуулугун тартсын. Ак таңдай төкмөлүгүн, сөз тапкан чечендигин, салабаттуу манасчылыгын, жанга жагым обончулугун, сезимтал акындыгын (жазгыч), кашаңга камчы устаттыгын,эң башкысы адам катары бийиктигин жазбай тартып, улуулугун улаган ыймандуу уул болсо экен. Сиздер да жетине албай турган кубанычыбызды бөлүшүп, изги тилектерибизди кубаттап ак бата берип коюңуздар. Урматыбыз менен Алыкуловдор.
Загрузка...