Abdishukur_Narmatov️️
@nasaat.kg
Abdishukur_Narmatov️️

Подписчики: 1667319
Посты: 2981
Подписки: 0
Шейх Абдишүкүр Нарматов. КИУнун Ректору.Эскертүү, суроо-жооп болбойт.❌ Ютуб каналыбызга катталсаныздар болот... 👇🏻
https://www.youtube.com/user/ruspatriotkg
Загрузка...
Бир эле казак эли эмес бүтүн Орто Азия мусулмандары кулак төшөп уккан, мыкты баяндары, жеткиликтүү далилдери, олуттуу сөздөрү менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан аалым Абдугапар устаз кыргыз элинин адамгерчилиги, меймандостугу, динге берилгендиги тууралуу көп сөз кылат. Ошондой эле кыргыз аалымдарын баалап, аларга дайыма сый-урмат көрсөтүп келет. Диндин эл арасына жайылуусу, элдин дин тууралуу туура маалымат алуусу Абдугапар устаз сыяктуу аалымдардан көз каранды экени маалым. Оозунан чыккан ар бир сөзү жүрөктүн талуу жерине тийген, насаат-баяндарын уккан сайын кайра уккуң келген Абдугапар устаз казак эли эле эмес, жалпы түрк тилдүү эллдердин баарына сыйлуу жана кадырлуу. Эки элдин достугунун артуусуна жана Ислам дининин жайылуусуна эбегейсиз салым кошуп жаткан устазга мен да терең ыраазылык билдирем. Устаздын ишине ийгилик каалап, мындан ары да Ислам динине кызмат кыла берүүсүнө тилектешмин. Үй-бүлөлүк бакыт, чың ден-соолук жана кажыбаган кайрат каалайм. Урматым менен Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишикүр Нарматов. www.nasaat.kg Nasaat.kg;Сайтыбыз: http://nasaat.kg/ Ютуб баракчабыз; https://www.youtube.com/channel/UCqQm_Zv87xqL0AkCLMMjOdw?view_as=subscriber Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/a0771710871/ Инстаграм: https://instagram.com/nasaat.kg?igshid=1hflaaaozxwr1 Ok.ru баракчабыз: https://ok.ru/nasaat.kg

Загрузка...
37460   2138
01.07.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
‏Бүгүн эртең менен уккан жаман кабар кабыргамды кайыштырып, жүрөгүмдү сыздатты. Орто Азия мусулман журтчулугу орду толгус оор жоготууга учурады. Казак элинин кайраттуу кулуну, эли-жери дегенде ичкен ашын таштаган, казак калкынын жана жалпы эле мусулман үммөтүнүн камы түн уйкусун бузган, дааваттын алпы, минбардын көркү, аалым, устат Абдугапар Сманов досубуз дүйнөдөн өттү. ‏ Абдугапар Смановду аалым, дин таратуучу, мыкты кутпа айтуучу катары бир эле Казак эли эмес, бүт Орто Азия жакшы билет. Бирок, мен аны жүрөгүндө жалы бар эр жүрөк, алдуу-күчтүүдөн, акчалуудан, башчыдан, падышадан тайманбаган, мусулман үммөтүнүн келечегине жан дили менен күйгөн, болуп жаткан терс көрүнүштөргө жаны ачышып, чындап кыжалат болгон, чыныгы ыймандуу мусулман катары баалап, сыйлачумун. Аллах Тааланын: “Момундардын арасында (ушундай) эр-азаматтары бар: алар Аллахка берген убадасында чынчыл экенин көрсөтүштү. Кээ бирлери милдетин аткарып (шейит) кетишти. Кээ бирлери (шейиттикти) күтүүдө. Алар (Аллахка берген) убаданы бузбады” مِّنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ ۖ فَمِنْهُم مَّن قَضَىٰ نَحْبَهُ وَمِنْهُم مَّن يَنتَظِرُ ۖ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلًا (23)– سورة الأحزاب деген аятында дал ушундай динге күйгөн ыймандуулар тууралуу сөз болгон. ‏ Хасан ал-Басири айткан: “Аалым дүйнөдөн өтсө, орду бош калат. Канча күн чыгып, канча түн кирбесин ал боштук кайра толбойт”. مَوْتُ الْعَالِمِ ثُلْمَةٌ فِي الْإِسْلَامِ لَا يَسُدُّهَا شَيْءٌ مَا اخْتَلَفَ اللَّيْلُ وَالنَّهَارُ Кылымда бир келчү көк жал устаттын орду бош калганына баарыбыздын жүрөгүбүз сыздап турат. Айла жок, тагдырга баш ийебиз Аллахка жага турган гана сөздөрдү айтабыз. ‏ Баарыбыз Аллахка таандыкпыз, баарыбыз Ага кайтабыз. إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّآ إِلَيْهِ رَٰجِعُونَ Боордош Казак элине, Абдугапар досубуздун сөзүн угуп, насааттарынан сабак алган жалпы мусулман бир туугандарыма, үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакын санаалаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. ‏ Өзү өтсө да сөзү өчпөгөн, өзү өчсө да изи өчпөгөн досубуздун... (уландысы комментарийде) #кыргызстан🇰🇬 #казакстан🇰🇿
18988   134
29.06.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
‎‏Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен! ‎إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ ‎‏Чындыгында биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз. Салы ажы досубуздун дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан анын үй-бүлөсүнө, жакындарына, жана бир туугандарына кайгыруу менен көӊүл айтам. ‎‏Алла Таала Салы ажы досубуздун билип-билбей кетирген күнөөлөрүн кечирип, акыретин абад кылсын. Өмүр бою жасаган жакшы иштеринин сооп-сыйын арттырып, эсеп-кысабын жеӊил кылсын. Кабырын нурдуу, түбөлүктүү жайын бейиш кылсын. ‎‏Артында калгандарга сабыр берип, урук-урпагынан Салы ажы досубуздун жолун жолдогонэлге-журтка пайдасы тийген инсандарды чыгарсын. ‎اللَّهُمَّ اغْفِرْ لَهُ وَارْحَمْهُ وَعَافِهِ وَاعْفُ عَنْهُ وَأَكْرِمْ نُزُلَهُ وَوَسِّعْ مُدْخَلَهُ وَاغْسِلْهُ بِالْمَاءِ وَالثَّلْجِ وَالْبَرَدِ وَنَقِّهِ مِنَ الْخَطَايَا كَمَا نَقَّيْتَ الثَّوْبَ الأَبْيَضَ ‎‏Абдишүкүр Нарматов. #www_nasaat_kg #wwwnasaatkg #устаз_абдишүкүр_ажы_нарматов #устазабдишукурнарматов #шейх_абдишукур_ажы_нарматов #шейхабдишукуражынарматов #россия #москва #аяты #хадисы #аллах #пророкмухаммадﷺ #ислам #коран #ислам #хадисы #кыргызстан #бишкек #чуй #баткен #ысыккол #ош #нарын #талас #жалалабад #kyrgyzstan #жанылыктар #nasaatkg @nasaat.kg