Abdishukur_Narmatov️️
@nasaat.kg
Abdishukur_Narmatov️️

Подписчики: 1667319
Посты: 2981
Подписки: 0
Шейх Абдишүкүр Нарматов. КИУнун Ректору.Эскертүү, суроо-жооп болбойт.❌ Ютуб каналыбызга катталсаныздар болот... 👇🏻
https://www.youtube.com/user/ruspatriotkg
Загрузка...
Nasaat.kg
Баткан күндүн чыкмагы бар… Кыйынчылыктын артынан жыргалчылык, мээнеттин артынан дөөлөт, кайгынын артынан кубаныч, караңгынын артынан жарыктын келери чын. Эки айдан ашуун жамаат намазы окулбай турган мечиттерде бүгүн жума намазы окула баштады. Мечиттин кооздугу анын жасалгасында эмес, ага келген адамдарда жана анда аткарылган ибадатта экенине бүгүн дагы бир жолу күбө болуп, ынандык. Албетте, Аллах тагдыр кылган ар бир иштин артында жакшылык бардыгы шексиз. Кудай буйруса, элибизде тынчтык өкүм сүрүп, жаман оору-сыркоонун аягы үзүлсө, мурда намаз окубагандар намаз окуп, мурда мечитке келбегендер мечитке келип, мусулман бир туугандарыбыз таат-ибадатын шарият талабындай аткара башташат деп ишенемин. Ал эми учурда жамаат менен намаз окууда сакталуусу талап кылынып жаткан эрежелер Ислам шариятын так аткарган мусулмандарга эч кандай кыйынчылык жаратпайт деп ойлойм. Анткени, шариятта жугуштуу дартты, оору-сыркоону алдын алчу эрежелер он төрт кылым илгери эле так көрсөтүлгөн. Жума күнү жууну, чач-тырмактарды кыскартуу, таза кийимдерди кийүү, жыпар жыттуу атырларды колдонуу зарыл сүннөт экени жана булардын баары тазалыкка, учур тили менен айтканда санитариялык талаптарга так жооп бере турган иштер экени маалым.(удандысы коммент-де) #www_nasaat_kg #wwwnasaatkg #устаз_абдишүкүр_ажы_нарматов #устазабдишукурнарматов #шейх_абдишукур_ажы_нарматов #шейхабдишукуражынарматов атов #атаэне #аяты #хадисы #аллах #пророкмухаммадﷺ #ислам #коран #ислам #хадисы #кыргызстан #бишкек #чуй #баткен #ысыккол #ош #нарын #талас #жалалабад #kyrgyzstan #жанылыктар #nasaatkg @nasaat.kg

Загрузка...
37460   2138
01.07.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
‏Бүгүн эртең менен уккан жаман кабар кабыргамды кайыштырып, жүрөгүмдү сыздатты. Орто Азия мусулман журтчулугу орду толгус оор жоготууга учурады. Казак элинин кайраттуу кулуну, эли-жери дегенде ичкен ашын таштаган, казак калкынын жана жалпы эле мусулман үммөтүнүн камы түн уйкусун бузган, дааваттын алпы, минбардын көркү, аалым, устат Абдугапар Сманов досубуз дүйнөдөн өттү. ‏ Абдугапар Смановду аалым, дин таратуучу, мыкты кутпа айтуучу катары бир эле Казак эли эмес, бүт Орто Азия жакшы билет. Бирок, мен аны жүрөгүндө жалы бар эр жүрөк, алдуу-күчтүүдөн, акчалуудан, башчыдан, падышадан тайманбаган, мусулман үммөтүнүн келечегине жан дили менен күйгөн, болуп жаткан терс көрүнүштөргө жаны ачышып, чындап кыжалат болгон, чыныгы ыймандуу мусулман катары баалап, сыйлачумун. Аллах Тааланын: “Момундардын арасында (ушундай) эр-азаматтары бар: алар Аллахка берген убадасында чынчыл экенин көрсөтүштү. Кээ бирлери милдетин аткарып (шейит) кетишти. Кээ бирлери (шейиттикти) күтүүдө. Алар (Аллахка берген) убаданы бузбады” مِّنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ ۖ فَمِنْهُم مَّن قَضَىٰ نَحْبَهُ وَمِنْهُم مَّن يَنتَظِرُ ۖ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلًا (23)– سورة الأحزاب деген аятында дал ушундай динге күйгөн ыймандуулар тууралуу сөз болгон. ‏ Хасан ал-Басири айткан: “Аалым дүйнөдөн өтсө, орду бош калат. Канча күн чыгып, канча түн кирбесин ал боштук кайра толбойт”. مَوْتُ الْعَالِمِ ثُلْمَةٌ فِي الْإِسْلَامِ لَا يَسُدُّهَا شَيْءٌ مَا اخْتَلَفَ اللَّيْلُ وَالنَّهَارُ Кылымда бир келчү көк жал устаттын орду бош калганына баарыбыздын жүрөгүбүз сыздап турат. Айла жок, тагдырга баш ийебиз Аллахка жага турган гана сөздөрдү айтабыз. ‏ Баарыбыз Аллахка таандыкпыз, баарыбыз Ага кайтабыз. إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّآ إِلَيْهِ رَٰجِعُونَ Боордош Казак элине, Абдугапар досубуздун сөзүн угуп, насааттарынан сабак алган жалпы мусулман бир туугандарыма, үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакын санаалаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. ‏ Өзү өтсө да сөзү өчпөгөн, өзү өчсө да изи өчпөгөн досубуздун... (уландысы комментарийде) #кыргызстан🇰🇬 #казакстан🇰🇿
18988   134
29.06.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
‎‏Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен! ‎إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ ‎‏Чындыгында биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз. Салы ажы досубуздун дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан анын үй-бүлөсүнө, жакындарына, жана бир туугандарына кайгыруу менен көӊүл айтам. ‎‏Алла Таала Салы ажы досубуздун билип-билбей кетирген күнөөлөрүн кечирип, акыретин абад кылсын. Өмүр бою жасаган жакшы иштеринин сооп-сыйын арттырып, эсеп-кысабын жеӊил кылсын. Кабырын нурдуу, түбөлүктүү жайын бейиш кылсын. ‎‏Артында калгандарга сабыр берип, урук-урпагынан Салы ажы досубуздун жолун жолдогонэлге-журтка пайдасы тийген инсандарды чыгарсын. ‎اللَّهُمَّ اغْفِرْ لَهُ وَارْحَمْهُ وَعَافِهِ وَاعْفُ عَنْهُ وَأَكْرِمْ نُزُلَهُ وَوَسِّعْ مُدْخَلَهُ وَاغْسِلْهُ بِالْمَاءِ وَالثَّلْجِ وَالْبَرَدِ وَنَقِّهِ مِنَ الْخَطَايَا كَمَا نَقَّيْتَ الثَّوْبَ الأَبْيَضَ ‎‏Абдишүкүр Нарматов. #www_nasaat_kg #wwwnasaatkg #устаз_абдишүкүр_ажы_нарматов #устазабдишукурнарматов #шейх_абдишукур_ажы_нарматов #шейхабдишукуражынарматов #россия #москва #аяты #хадисы #аллах #пророкмухаммадﷺ #ислам #коран #ислам #хадисы #кыргызстан #бишкек #чуй #баткен #ысыккол #ош #нарын #талас #жалалабад #kyrgyzstan #жанылыктар #nasaatkg @nasaat.kg