Abdishukur_Narmatov️️
@nasaat.kg
Abdishukur_Narmatov️️

Подписчики: 1667319
Посты: 2981
Подписки: 0
Шейх Абдишүкүр Нарматов. КИУнун Ректору.Эскертүү, суроо-жооп болбойт.❌ Ютуб каналыбызга катталсаныздар болот... 👇🏻
https://www.youtube.com/user/ruspatriotkg


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
19093   154
22.03.2020 Nasaat.kg
"Үйүндө олтурган адамга шейиттин сообу берилет" Айша энебиз мындай дейт: Мен Алланын элчисинен чума оорусу тууралуу сурадым. Алланын элчиси: "Чума оорусу - азап. Алла Таала аны Өзү каалаган адамга жиберет. Ал ооруну момундарга мээрим катары берет. Кимде-ким чума оорусу жайылып кеткен учурда, сообун Алла Тааладан үмүт кылып, сабырдуулук менен үйүнөн чыкпай олтурса жана Алла Таала тагдырына жазган нерселер гана болоруна ишенсе, анда ага шейит болгон адамга берилчү сооп берилет". (Бухари 3474.) Ибн Хажар Аскаланий деген аалым: "Бул хадистин мааниси, жогоруда айтылган сыпаттар менен сыпатталып, бирок ошол оорунун айынан өлбөсө да, ал адам баары бир шейит болуп өлгөн адамдын сообундай соопко ээ болорун билдирет" - деген. Чынында, бул хадис бир гана чума оорусуна эмес, көпчүлүккө тарап, элдин калың катмарына бат жайыла турган бардык ооруларга тиешелүү. Динде өзүңө жакшы көргөндү башкага да жакшы көр деген эреже бар. Өзүңө эч качан оорууну каалабайсың, өзгөнү да ойло. Жамандыктын артынан жакшылык, кыйынчылыктын артынан жыргалчылык келерине ишен. Алланын тагдырына ишенип, Андан сооп үмүт кыл. Ушул кылганың үчүн шейиттикиндей соопко ээ болосуң. @nasaat.kg #www_nasaat_kg #wwwnasaatkg #устаз_абдишүкүр_ажы_нарматов #устазабдишукурнарматов #шейх_абдишукур_ажы_нарматов #шейхабдишукуражынарматов атов #атаэне #аяты #хадисы #аллах #пророкмухаммадﷺ #ислам #коран #ислам #кыргызстан #бишкек #чуй #баткен #ысыккол #ош #нарын #талас #жалалабад #kyrgyzstan #жанылыктар #коронавирус #koronavirus #nasaatkg @nasaat.kg