Abdishukur_Narmatov️️
@nasaat.kg
Abdishukur_Narmatov️️

Подписчики: 1667319
Посты: 2981
Подписки: 0
Шейх Абдишүкүр Нарматов. КИУнун Ректору.Эскертүү, суроо-жооп болбойт.❌ Ютуб каналыбызга катталсаныздар болот... 👇🏻
https://www.youtube.com/user/ruspatriotkg


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
34695   1654
17.03.2020 Nasaat.kg
Аллахым, менин өлкөмдү жана анын жашоочуларын, карыяларын жана жаштарын, эркектерин жана аялдарын, жигиттерин жана кыздарын, жер, суу, асман-абасын Өзүңө тапшырдым. Аллахым, баарыбызды ооруу-сыркоодон сакта, балээ-кырсыктан, жайылып жаткан жаман илдеттен оолак кыл! Сенин күчүңө жана кубатына таянабыз, Сенден башка куч да, кубат да жок. Аллахым, Сенин ыраазылыгыңды бизден тосуп турган күнөөлөрүбүздү кечир. Аллахым, өзумдү, үй бүлөмдү, балдарымды, жакындарымды баарын Сага тапшырдым. Сенден келгенбиз жана Сага гана кайтабыз. Аллахым, сен эң жакшы сактоочу, ырайымдуулардын ырайымдуусусуң. Амин!🤲🏻🤲🏻 @nasaat.kg #www_nasaat_kg #wwwnasaatkg #устаз_абдишүкүр_ажы_нарматов #устазабдишукурнарматов #шейх_абдишукур_ажы_нарматов #дуа #атаэне #аяты #хадисы #аллах #пророкмухаммадﷺ #ислам #коран #ислам #кыргызстан #бишкек #чуй #баткен #ысыккол #ош #нарын #талас #жалалабад #kyrgyzstan #жанылыктар #wwwnasaatkg #nasaatkg @nasaat.kg
13243   43   119683
16.03.2020
Мээримдуу жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ар бир абалды Башкаруучу жана Билуучу Аллах Таалага мактоолор болсун, Пайгамбарыбыз Мухаммад (алайхис-саламга салам жана салаваттар айтылсын). Урматтуу мекендештер, ушул жылдын 28-мартында Москва шаарындагы “Крокус сити холл” залында өтө турган "Мен киммин?" аталыштагы чон масштабдагы иш чаранын өтүү мөөнөту куз айларына жылдырылгандыгын сиздерге эскертебиз жана бул үчүн сиздерден кечирим сурайбыз. Иштин баары биздин оюбуздагыдай эмес, Аллахтын каалоосундагыдай болорун учурда болуп жаткан көп иштер бизге дагы бир жолу айгинелеп берди. Дүйнө жүзүндө болуп жаткан бул абал Аллахтын каалоосу жана сыноосу экенин эсибизден чыгарбообуз керек. Албетте, бул иш чара токтотулган жок, болгону мөөнөтү жылдырылды, андыктан, Аллах буйруса, сиздер менен жолугарыбыз анык. Иш чаранын өтө турган көнө тууралуу кошумча маалыматтар берилет. Дагы бир жолу сиздерден кечирим суроо менен баарыңыздарга тынчтык, бейпил жашоо жана бекем ден-соолук тилеп Абдишукур Нарматов жана Чубак Жалилов. @nasaat.kg #www_nasaat_kg #wwwnasaatkg #устаз_абдишүкүр_ажы_нарматов #устазабдишукурнарматов #шейх_абдишукур_ажы_нарматов #шейхабдишукуражынарматов атов #атаэне #аяты #хадисы #аллах #пророкмухаммадﷺ #ислам #коран #ислам #кыргызстан #бишкек #чуй #баткен #ысыккол #ош #нарын #талас #жалалабад #kyrgyzstan #жанылыктар #wwwnasaatkg #nasaatkg @nasaat.kg @nasaatmedia @alyautdinovildar @dum.moscow
Загрузка...