1099
20062
17.11.2019
Асманда жылдыз төгүлгөндө сагынам,
Ата-Энем жүрөгүм менин баарынан.##нуркызкожонова#
Ак тилек айтып кыргыздын кызы болгун деп,
Ак бата арнап узаткан мени жашымдан.
Ыразымын Аллах Ата Энем менин байлыгым,
Арчадай жаштын өмүрүн тилеп жатамын.
Көп жашап дайым бактыма аман болушсун,
Ата-Энем менин тумарым сүйүүм жүрөгүм.
Мөлтүрөп таза булактай аккан шыңгырап,
Мен үчүн кымбат Ата-Энем өмүр миң булак.
Айлансам өмүр өзүндөн таппайым издесем,
Ата-Энем берген сүйүүнү мага эч кимден.
Бар болсун менин Ата-Энем жанымда,
Бир болсок экен бейиштин дагы багында.
Бактылуу өмүр бактылуу сүйүү Ата Энем,
Башымды ийим таазим кылып мен келгем..
Ата Энем сүйүүм Ата Энем менин берекем.