Нурзат Токтосунова
@nurzat_toktosunova
Нурзат Токтосунова

Подписчики: 1197124
Посты: 5178
Подписки: 83
👏Награждена Почетной Грамотой КР 🥇Отличник культуры КР 🏫Основатель NUR академии 🌎Тренер, блоггер, influencer "🎙Ведущая #eventplanner 0706 99 90 19
https://taplink.cc/nurzat_toktosunova


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
13859   368
28.02.2020
Адамдын ички жан дүйнѳсү жараткандын бир мээрими менен толгон кезде ал деңиз ѳңдүү мелмилдей түшѳт экен. Деңиз ар дайым ички майда толкундарды жутуп, сыртынан эч нерсе болбогондой мелмилдеп турган сыяктуу сезилет мага. Жайма- жай, толкунсуз, тып- тынч этек- жеңи жайылып… Анын эң зор күчү да ушундадыр. Изденүү мага ошол деңиздин ички абалын таанытты. Мурун адамдардан качып, кайра адамдардын колтугуна жашынган болсом, азыр адамдар тургай ѳзүмдѳн качкан кезде, бир улуу күчтүн деңизине бой урам. Ошол деңиздин тереңдеген сайын, тереңдигине кѳз жетпеген чексиздигинен, узарган сайын уланып бүтпѳгѳн кенендигинен мен ѳтѳ кѳп суроого жооп алдым. Адамдардан алган жараатыма дары таптым. Анан ѳзүм да деңиз сыяктуу кеңейип, тереңдей түшкѳндѳй болдум. Бул изденүү мага олжолуу болду. Мен деңиз болууну үйрѳндүм. АКЫЛДУУ СѲЗ: Канчалык артты кѳрѳ алсаңыз, ошончолук алдыны кѳрѳ аласыз. (Мүмин Секман) Ж.Ж.
Загрузка...