Нурзат Токтосунова
@nurzat_toktosunova
Нурзат Токтосунова

Подписчики: 1197124
Посты: 5178
Подписки: 83
👏Награждена Почетной Грамотой КР 🥇Отличник культуры КР 🏫Основатель NUR академии 🌎Тренер, блоггер, influencer "🎙Ведущая #eventplanner 0706 99 90 19
https://taplink.cc/nurzat_toktosunova


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
8992   255
06.04.2020
@syimykbeyshekeev: Биз, көп нерсеге баам салбай аткандайбыз, кадимки жай турмуштагыдай бири-бирибизге акаарат келтирип, акыйнек айтышууну токтотпой келебиз, айлананы карайлы, дүйнө жаңылыгына үңүлөлүчү, эмне деген алаамат болуп атат?... Ажал кылычын кындан сууруп ар бир өлкөнү айланып, ар бир үйдү акмалап жүргөндөй... Оо бурадарлар артка кылчайып карайлычы, мындан туура 20 күн мурун биздин өлкөдө бул оорунун белгилери жок эле, а бүгүн болсо 216 мекендешибизге жугуп, 4 жараныбызды арабыздан сууруп кетти шум ажал, аларга уул кыздары, туугандары да топурак салалбайт экен, демек биздин өмүр коркунуч алаканында турат, ал коркунучтан кимибиз суурулуп чыгарыбызды бир гана Кудай билет. Бир сөзгө жармашып бири бирибизди төө бастыга алганды, ашынган фанат исламчы менен теңирчи болуп жаакташканды токтотолучу, биз бири бирибизге жакшы сөз арнай албасак топурак да салабай калуубуз мүмкүн экенин аңдайлычы, оо АДАМ баласы сураныч, тигил ооруган деле эмес экен, врачтар жөн эле акча жемей кылып атыптыр деген былжыраган сөздөрдү, видеолорду бөлүшпөй эле коёлучу, өлкөнүн короосуна кирген коркунучту жеңүүнүн жолун үйрөтөлүчү андан көрө бири бирибизге... #ишеним_үмүт_сынбасын #кудайколдосун
Загрузка...
8389   208
26.06.2020
Койнок @armine.kg 🔥👏Фотограф @adilet_bekturov 🔥🔥🔥 ___ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАКШЫ КИЙИНИП ЖҮРҮҮ КЕРЕК Адамдын сырткы көрүнүшү өтө маанилүү. Себеби сырткы көрүнүш, адамдын өзүнө жана ошондой эле айланасындагы адамдарга, өзү жөнүндө ар кандай ой пикирди билдирип турат. Мисалы, сиздин сырткы көрүнүшүңүз акыл-эсиңизге өз таасирин тийгизет. Анткени сырттан кандай көрүнгөнүңүз, сизди ичтен кандай ойлордо жана кандай сезимдерде болуп жатканыңызды көрсөтөт десек болот. Мисалы, аскерлер формачан жүргөн учурда өздөрүн аскер экенин жана алардын милдети мекенди коргоо экенин түшүнүп сезишет. Ошондой эле аялдар кандайдыр бир көңүл ачуу кечелерине барганда, аябай жакшы кийингенге аракет кылышат. Себеби ал ошол көйнөктү кийгенде, өзүн канышадай же перидей башкача сезет. Ошондой эле сиздин сырткы көрүнүшүңүз, башкалардын сиз жөнүндө кандай ойдо экендерине түшүнгөнүңүзгө жардам берет. Канчалык теорияда адамдар сенин сырткы көрүнүшүңө эмес, акылдуулугуңа караш керек деген менен иш жүзүндө адамдар эң биринчи, сизди сырткы көрүнүшүңүзгө карап баалап мамиле кылышат. Ошондуктан ар дайым биринчи көрүнүш өтө маанилүү. Мындан 3-4 күн мурда магазинде, ичинде данеги жок кара жүзүм көрүп калдым. Баасы 100 сом экен. Ошол эле жүзүм бираз ары жакта, салмагы тартылган жана аябай жакшы бир баштыкчага салынган абалда сатылып жатыптыр. Бирок анын баасы 150 сом экен. Анан таң калып ошол жерде иштеген сатуучудан:”Тээтиги баасы 100 сом болгон жүзүм менен баасы 150 сом болгон бул жүзумдүн эмне айырмасы бар? Себеби экөөтен бирдей эле көрүнөтко.” деп сурадым. Ал мага күлүп туруп: “Айырмасы баштыкчада, болбосо экөөтен бир эле жүзүм. Бирок жакшы баштыкчага салып сатканда, анын сырткы көрүнүшү жакшы көрүнүп, элдер да көп алышат экен ” деди. Чындыгында адамдын жана ошондой эле ар бир несенин сырткы көрүнүшү кадимкидей сүйлөйт. Чыкыйып сонун кийинген адамдын сырткы көрүнүшү позитивдүү нерселерден кабар берет. Мисалы ал кишинин маанилүү бирөө экенинен же болбосо акылдуу же интелегент болгондугун көрсөтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, жүдөп таза эмес кийинип жүргөн адамдын сырткы көрүнүшү негативдүү нерселерден кабар берет. Мисалы өзүнө көңүл бурбаган, проблемасы көп, ийгиликсиз адам экенинен кабар бериши мүмкүн.