5850 260
28202
15.07.2020
Караңгыдан кийин күтүп таң турат,
Капалыктан кийин күтүп шаң турат.
Туман таркайт, кара булут жазылат,
Аркасынан Ай, Күн тиет жаркырап.
Аары чагат, чаккан менен бал сунат,
Нанга айлантыш үчүн буудай жанчылат.
Эртең бышып, шилекейди агызчу,
Мөмө бүгүн көкмөк, ачуу – кам турат.
Кар кеткен соң байчечекей баш багат,
Каптабаса жалын бышпайт аш-тамак.
Суктандарган сулуу сарай тургузуу –
Чалчык кечип, жер көөлөөдөн башталат.
Сынактардан мээнети жок өтпөйсүң,
Ашыгыңа азап тартпай жетпейсиң.
Ашуу ашып, кезермейин чөл кезип,
Көксөп жүргөн көркөм жайга көчпөйсүң.
Жазда келген чабалекей кушундай,
Жакшы күндөр келет бизди утурлай.
Жакут, алтын жатат ылай астында,
Жашообуздун мыйзамы дал ушундай!
Курсагы ток баркын билбейт машактын,
Сабырсыздык башаты бүт чатактын.
Түшүндүргөн көп нерсенин кадырын,
Сабагы мол, балким, келген апааттын.
Көрүп жатып бешенеге жазганды,
Унутпайлы чилдеден соң жаз барды,
Ыйман сактап, сабыр кылсак, буюрса,
Жакшы күндөр келерине аз калды!
Нуржигит Кадырбеков
14.07.20, 14.29
.