Salamat Sadykova
@salamatsadykova
Salamat Sadykova

Подписчики: 133545
Посты: 5187
Подписки: 4918
The Voice and Diva of Kyrgyzstan🇰🇬 Honored Artist of Kazakhstan🇰🇿 Жаңы клип 👇
https://youtu.be/fUoskkvImlI


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
302   15
22.03.2020 Frunze, Bishkek, Kyrgyzstan
Тар кыя,тайгак кечуулордон откон адамзаттын,басып откон жолдорунда,ким акылдуу кантип миллиард-дан ашып кетсе да байып бакубат жашап жатканынын мин туркун сырларын окуп койсок,билип койсок ашык болбос. Биздин заманга чейин III к. соңунда Хунн Шаньюйу Маодунь Кытайга кол салып, императордон ханайымдын колун сураган. «Жапайы калктын» өкүмдарынын мындай «орой опузасына» император аябагандай каарданып, аз жерден жинин элчилерден чыгара жаздайт. Ошондо императордун кеңешчиси Лю Цзун ага мындай акыл айтат: «Эгер, сиздин Улуу даражалууңуз Маодунга чындап эле улуу аялыңыздан төрөлгөн биринчи кызыңызды күйөөгө берсеңиз, анда себине деп мол белектерди жөнөтүңүз. Хунн өкүмдары белекке азгырылып, сиздин кызыңызды ханыша деп жарыялайт. Андан уул төрөлүп, ал Шаньюйдун мураскери болот. Кези келгенде ал хунн өлкөсүн башкарып калат». Тактап айтканда, императордун кызы хунн өкүмдарынан бала төрөп, ал ага кытайча бешик ырын ырдап, кытайча тарбия бермек. Кытай стратегдери минтип хунндардын канын бузабыз дешкен. Ал эми, көчмөндөргө арналган кымбат белектер алардын көзүн бузууга арналган. Адатта, тери шым кийип, ат жалында ойногон жоокерлер жибек шымга жеткенден кийин, кымбат кездемени аяп, ач көздүк сезим жаралмак. Кытай стратегдери көчмөндөрдү таттуу тамактар менен тойгузуш керек деген максат коюшкан. Мындай жол менен алар көчмөндөрдүн оозун жабышып, качандыр бир кезде жоокер калк болгон элди жалкоо жана бекерпозчулукка көндүрүүнү көздөшкөн. Кытай акылмандарынын кийинки максаты империяга чектеш жайгашкан көчмөндөр үчүн базар ачып, ал жерде кытай ырлары менен музыка ойнолушуна багытталган. Кытай стратегдери муну менен биз көчмөндөрдүн кулагын жабабыз дешкен. Башкача айтканда, кытай музыкасын уккан көчмөндөрдүн дили бузулмак. Чындап эле кытайлыктар түндүк тарапта жашаган көчмөндөрдөн коргонуш үчүн 6,5 миң км. созулган Улуу Кытай дубалын курушкан. Кийин кытай акылмандары арбын жумушчу күчүн, материалдык жана финансылык каражат талап кылчу чыгымдарга караганда, көчмөндөргө кыз берип, алардын канын бузуп, белек берип, аларды ачкөздүккө азгырып, бекер тамакка тойгузуп, жалкоолукка көндүрүп, кытайдын ыр жана музыкасы менен алардын дилин бузуу жеңил экендигин буга чейин туп туура 2200 ж
Загрузка...