🇰🇬Заслуженная артистка КР🇰🇬
@samarakarimovasinger
🇰🇬Заслуженная артистка КР🇰🇬

Подписчики: 2220403
Посты: 9748
Подписки: 31
Singer, Songwriter, Composer Бренд амбассадор: @smartrich_co_official Выступление:0773911111 Реклама: 0700228823

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
9146   270
11.05.2020
ТАХАЖУД НАМАЗЫ КАНДАЙ ОКУЛАТ.. Бул намаздын сообу абдан чоң. Ал адам баласына бул жашоодо жана тиги дүйнөдө да береке алып келет. Медицина тармагынынын изилдөөчүлөрү ал намаздын ден соолукка өтө чоң пайдасы бар экенин айтышат. Сөз тахажжуд намазы тууралуу болууда. null Нафил (кошумча) намаздардын катарында сообу абдан чоң болгон тахажжуд намазы да бар. Бирок бул намаз пайгамбарыбыз Мухаммедге (Алланын ага салам-салаваттары болсун) парз кылынган. Буга Куран аяттары далил. “Исра” сүрөсүнүн 79-аятында: «(Эй, Мухаммад!) Түндүн бир оокумунда ойгонуп, өзүңө гана таандык болгон кошумча ибадат катары Куран менен намаз оку». «(Эй Мухаммад) Чындыгында сени жана сени менен бирге кээ бир адамдардын түндүн үчтөн эки бөлүгүнүн азыраагында же жарымында же үчтөн бир бөлүгүндө туруп намаз окуп өткөрөрүн сенин Эгең билип турат» (Музаммил 20). Кайсы маалда окулат? Түн жарымынан баштап, саарлык маалына чейин. Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) адатта тахажжуд намазын уктап турган соң түндүн жарымында, же түндүн акыркы бөлүгүндө (үчтөн бир бөлүгүндө) окуган. Канча рекет окулат? Тахажжуд намазы эки рекеттен сегиз рекетке чейин окулат. Ар эки рекетте бир салам берилип окулганы жакшы. Ниет коердо: «Тахажжуд намазынын (2,4,6,8) рекетин окууга ниет кылдым» деп айтуу зарыл. Тахажжуд намазынын сооптору: Жараткан Аллах Таала Ыйык Куран аяттарында түнкү намаздарга тургандар жөнүндө атайылап токтолот: «Алардын капталдары төшөктөрүнөн көтөрүлүп турат да, өздөрүнүн Эгесине коркуу, үмүт менен жалынышат...» (Сажда 16). «Алар түн ичинде бир аз убакыт гана укташкан. Таң эрте менен Алладан кечирим сурашкан». (Зарият 17-18) Пайгамбарыбыз САВ мындай деген: «Түнкү намазды дайыма окугула. Анткени, түнкү намазды окуу силерден мурун өткөн жакшылардын адаты, Жараткан Эгеңерге багынуунун белгиси. Жамандыктарды жаап, күнөө жасоодон сактайт»(Тирмизи, Даават, 101). Дагы бир хадисте: «Парз намаздардан кийин эң сонун намаз - түнкү намаз» деп айткан. (Муслим, Сыям 202) Аллахтын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) тахажжуд намазы жөнүндө мындай деген: "Силер тахажжуд намазына көп көңүл бургула, анткени, тахажжуд намазы силерден мурунку өткөн коомдогу (салих) жакшы 👇👇👇