🇰🇬Заслуженная артистка КР🇰🇬
@samarakarimovasinger
🇰🇬Заслуженная артистка КР🇰🇬

Подписчики: 2220403
Посты: 9748
Подписки: 31
Singer, Songwriter, Composer Бренд амбассадор: @smartrich_co_official Выступление:0773911111 Реклама: 0700228823

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
9475   813
06.05.2020
Ыйык Рамазан айында 1 садакан да 1000 садакага тете дейт..... Аллахым апааттардан сактасын🙏🏿🙏🏿🙏🏿 . Элибиз жерибиз тынч болсун! 1кун кечке 100 дон ашык уй-булого озубуз жолдошум менен барып , жеринде коруп таркаттык. Чындыгында муктаждар абдан коп((( 😓.... коруп журок ооруйт(😢 . Айдаган унаасын, эгиндерин, малдарын, кээбирлердин уйлорун, кээбирлердин жеп отурган буудай , унун сел агызып жууп кетиптир((( . Сабырдуу элим ушундай кыйынчылыкта да жузундо жылмаюу бар🙏🏿 .... Бул кыйынчылыктар убактылуу, айдын 15и карангы, 15и жарык🙏🏿 #журогумдомекеним #элдинкызы # сабр Биз уй-булобуздун атынан 6 тонна ун, 1 тонна май, 500 кг макарон таркаттык. Биз учурда Лейлектебиз каалоочулар, ыйык рамазан айында жардам кылам десениздер 0773911111 элсом номерим озумдун , жардам берсениздер дагы барып азык-тулук жеткирип берем. Коп тукурсо кол болот! Сооп баарыбызга керек! Кайрымдуу бололу! Жардамдын чон-кичинеси болбойт колдон келишинче жардам берсениздер болот. Интернетке чыгарып турам. 0773911111 элсом
7800   317
06.05.2020
Аты жаман таажы вирус бүт ааламды алдастатып турган чакта алакандай мекенибизде дагы бир табийгый апаат болуп, мекендештерибизге түйшүк салды. Лейлекте каттуу жаандын кесепетинен улам сел жүрүп, жай турмуш кечирген карапайым адамдардын мээнет менен тапкан там -ташын, короо- жайын, гүлдөгөн чарбагын тыптыйпыл кылып кетти. Табияттын кырсыгы айттырбай келет экен. Жаз алды менен маңдай тер төгүп эринбей эмгек кылып, күздүн берекесине үмүт арткан дыйкандар көз ирмемде баарынан кол жууп калганын көрүп жүрөк ооруйт. Тилсиз жоо айрымдардын үйүндө жеп отурган унун, короосундагы мал жанын, айрымдардын жылдап тапкан кирешесин бүт агызып кетти. Кудайга шүгүр, жаратканга миң рахмат адам өмүрүнө зыян болгон жок. Алтын баштары аман болсо акырындап баары оордуна келет буйруса. Бирок ийнең жоголсо да ичиң ачышат дегендей бүгүн бар тапканын селге алдырып отуруп калган мекендештердин абалы оор. Алар моралдык жана материалдык колдоого муктаж. Мен бүгүн жеке үй- бүлөлүк бюджетимден тилсиз жоодон жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү максат кылдым. Буга чейин да далай ирээт тапканыман үлүш бөлүп түрдүү кырдаалда түрдүү адамдарга жардам кылып келгем бирок бир колун бергенди бир колун билбесин деген принцип м-н эч качан жарыялаган эмесмин. Көкүрөк көөнүңдү аруулаган кайрымдуулук, жакшылык иштер бакыт жолдорунун бири экенин өз тажыйырбамдан билем. Ооба буга чейин жар салбай жардам көрсөткөндөй эле бул жолу да жар салбасам болмок бирок жакшылык иш жугуштуу болуп, катарыбыз көбөйсө , көптүн колдоосун сезген мекендештерге күч кубат болоор деп үмүт кылдым. Көпчүлүк кадырлаган, билимдүү, дин аалымы ажыкебиз Чубак ажы да жардам көрсөтүүнү ачыктап туруу пайдалуу экенин айткан соң бул жолу атайын чакырык таштоону туура таптым. Чакырык таштайм , мекендештердин кайгысына кайдыгер карабаган замандаштарыма, Кыргызстандын ар бир атуулуна кам көрүүгө даяр ата журттун кеменгер, акылгөй , колунда бар уул- кыздарына, ага эжелерге , дүйнөсү бай, кең пейил катардагы баардык жарандарга, баарыңыздарга чакырык таштайм. Алган колдон берген кол артык - дейт , берүүчү кол бололу замандаш. Тилсиз жоодон жабыркаган мекендештерге кол суналы!
Загрузка...