🇰🇬Заслуженная артистка КР🇰🇬
@samarakarimovasinger
🇰🇬Заслуженная артистка КР🇰🇬

Подписчики: 2220403
Посты: 9748
Подписки: 31
Singer, Songwriter, Composer Бренд амбассадор: @smartrich_co_official Выступление:0773911111 Реклама: 0700228823

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
13326  
24.01.2020 Государственная Дума
Самара Каримовага Россиянын Мамлекеттик думасында сыйлык тапшырылды Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Россиянын Мамлекеттик думасынын депутатынын ыраазычылык баракчасына ээ болду. Сыйлыкты кечээ, 23-январда Мамдуманын депутаты Белеков Иван Итулович Самара Каримовага расмий түрдө тапшырды. Бир нече ай мурун Өзбекстан өлкөсүнүн борбору Ташкент шаарында дүңгүрөтө концерт берген ырчы Москвадагы Кремлдин концерттик чоң залында дагы чоң программадагы концерт тартуулаган. Концертте акыркы үлгүдөгү техникалардын жардамы менен көрүүчүлөргө шоу тартууланып, Самара италиялык ырчы айым Ин-Грид (Ингрид Альберини) менен дуэт ырдаган. Ал эми Ташкентте өткөн коцертте ырчы айым 7 тилде чыгармаларды аткарган. Сыйлык алган ырчы айым менен аймактык кабарчы маектешти. - Саламатсызбы, сыйлыгыңыз кут болсун! Сыйлык тууралуу айта кетсеңиз. - Саламатсыздарбы! Буга чейин мен Орусиянын борбору болгон Москва шаарындагы Кремль сарайында концерт бергем. Ошол концертке Россиянын Мамлекеттик думасынын эки депутаты күбө болгон. Алар менин чыгармачылыгыма абдан чоң баа берип кетишкен. Бириккен Араб Эмираттарындагы Дубай шаарында эс алып жүргөндө мени менен депутат Иван Белековдун жардамчысы байланышты. Алардын чакыруусу менен кечээ Москвага бардык. - Сыйлык тапшыруу аземи кайсы жерде өттү? - Сыйлыкты Мамлекеттик думанын жыйындар залында тапшырышты. Мени депутат Иван Белеков кабыл алып, ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал эки өлкөнүн алакаларына токтолуп, маданият тармагындагы байланышты бекемдегениңиз үчүн деп алкыш айтты. Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын имаратына жөн адамдар чакырыла бербейт болушу керек ... - Албетте, мен ыраазычылык кат алганыма абдан сыймыктанып турам. Анткени улуу державанын депутатынын колунан ыраазычылык кат алуу — бул сыймык эле эмес, менин чыгармачылыгыма болгон чоң урмат болду. Эмгегим, чыгармачылыгым элге арналат. Менин ушундай ийгиликтерге жетишиме күйөрмандарым себепчи. Анан калса менин чыгармачылыгымды жогорку деңгээлде баалаган Россиянын депутаттарына ыраазычылык. - Мамлекеттик думаны имараты бир топ тарыхый окуяларга бай. Жыйындар залында сыйлык алуу учурунда кандай сезимдер болду? Уландысы 👇👇👇 коментарийде
Загрузка...
12301  
06.02.2020
КЫЗДАРГА АЙТКЫМ КЕЛГЕН 40 ЭРЕЖЕ 1.Алгач өзүңдү сүй. 2.Жашоодо көрө албастар көп кезигет, өзүңдү колго ал да алардан ары басып кет. 3.Буюм сени бактылуу кылбайт. 4.Бирөөнү сөз кылып, сындаба. Бирок ар дайым сени бирөө сөз кылаарына даяр бол. 5.Көйгөй – бул жашоонун аягы эмес. 6.Өзүңдү өзгөлөр менен салыштырба. Анткени эч ким сендей боло албайт. 7.Бирөөнү канчалык катуу жакшы көрсөң да, өзүңдү жоготпоого аракет кыл. 8. Сүйлө. Сени угуучуларды тап жана өзүң чечим чыгара бил. 9.“Жок” деп айтууну үйрөн жана аны колдонуудан коркпо. 10. Эгер өмүр тарыхыңды жазуу керек болсо, болушунча барактарды бактылуулукка чулганган күндөр менен толтур. 11.Эч качан эч бир эркектин артынан чуркаба. Ал сени өзү издеп тапканы жакшы. 12.Дарегиңе айтылган комплименттерди кабыл ала бил жана аларга ишен. 13.Калп айтпа. 14.Өз аракетиң менен бактылуу бол жана жалгыздыктан коркпо. 15.Эч качан өзүң туюп жаткан сезимди айтуудан коркпо. 16.Колуңа эмне тийсе, оку. Билим – бул күч. 17.Сен кимдир бирөөнүн менчиктеп алган буюму эмессин. 18.Ийгиликсиздиктен коркпо. Ал сени ийгиликти багындырууга үйрөтөт. 19.Ар дайым өзүңө өзүң тирек бол. Өзүңө гана ишен. 20. Бирөөгө жардам бер, бирок милдет кылба. 21.Ыраазычылык билдирүүнү адат кыл. 22.Өз интуицияңа ишен 23.Сылык бол. 24.Сенин кыймыл-аракетиң сенин ким экендигиңди көрсөтөт. 25.Бардык нерседен сулуулук таба бил. 26.Сени сүйгөн адамдар менен байланышты үзбө. 27.Башыңды бийик көтөрүп жүр. 28.Керек гана учурда ыйла жана андан өзүңө керектүү күч топто. 29.Күлкү – көңүл дабасы, дайым күлүп жүр. 30.Бийик музыка жагабы? Анда музыка ук, бийле, ырда. 31.Сөз пайдубал түптөгөнү менен, аны урата да алат. 32.Кечирим суроо бул алсыздык эмес. 33.Билем кээде мени жаман көрөсүң. Бирок мен сени ар дайым жакшы көрөм. 34.Эмнени каалап жатсаң мага дайым айта аласың. Мен ар дайым сенин жаныңдамын. 35.Ар дайым эсиңде болсун, мен сени кандай учур болбосун баары бир жакшы көрөм. 36.Билип жүр, сен өзүң ойлогондон да көп нерсеге шыктуусун. 37.Сен аябай татынакайсын, муну унутпа. 38.Дайым сени колдоого даярмын. 39.Мен сенин бардык катачылыктарыңды кечириүүгө даярмын. 40.Намысыңды бек сакта. #интернеттеналынды