Сыймык Бейшекеев
@syimykbeyshekeev
Сыймык Бейшекеев

Подписчики: 170992
Посты: 421
Подписки: 69
Иш чаралар концерттик суроолор үчүн ➡️0703003070⬅️ чалыңыздар. YouTube каналыма ушул шилтемеге кирип катталыңыздар. 👇👇
https://www.youtube.com/channel/UCduZ3oNKMyJuqsNNGpi0qjA


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
8035   255
28.04.2020
Урматтуу достор, сиздерге таң эрте тартуулап жаткан Элмикемин бата тилектерин, элге жеткен жетпей калган ырларын, кагазга түшүрүлгөн сырларын, бата насыят сөздөрүнүн топтомун чып чыргасын коротпой Кудай буйруса сиздерге китеп кылып сунуштайбыз, кимге кандай ырларды, каалоо тилек менен бата жөнөткөн болсо жеке кат куржунга мага же күйө баласы Мирзат @mirzatmukanov менен кызы Айзуурага @imanalievaaizuura жөнөтсөңөр чоң жардам кылган болот элеңер, айкөлдүн арбагы ыраазы болсун сиздерге, үй бүлөсүнө жакындарына кайрат сөзүңүздөр менен жөлөк болдуңуздар, аманчылык болсо жасай турган иштер арбын, баарыңыздарга амандык, үй бүлөлүк бакыт тилейм урматтуу улуу залкардын замандаштары, Кудайым канча өмүр жаш берсе, биздин демибиз чыгып жүрөгүбүз согуп турганда булбулубуздун жасабай аманат калтырган иштерин жасап сиздерге жеткирүү милдетибиз деп билем, асылдан калган аманат туяктарга бул өмүрдө колдоо көргөзүү адамдык достук парзым деп эсептейм, баарыңыздарга эсендик каалап Элмикемин эки ооз сөзү менен жыйынтык кылайын... Бул өмүр ~ ак, карасы, жакшы, жаманы, келмеги, кетмеги аралашкан аманат дүйнө, кызыгы арбын кызуу турмуш экен. Ушул өмүрүбүздө Жараткан бизге баардык кырдаалдар менен туура күрөшүүгө күч-кубатты, эрк менен сабырды, кайрат менен акыл-эсти жетиштүү берсе экен деп тилейм. Кубаныч-шаттык да аманат! Кайгы-капа да аманат! Экөөндө тең адамдык асыл сапаттарыбыздан ажыратпасын кудай! Жараткан Теңир күч-кубат берсин! Ар күнүбүздү татыктуу жашайлы! 🤲 Элмирбек Иманалиев.♥