𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶
@umutai.abdyshova
𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶

Подписчики: 77523
Посты: 2781
Подписки: 368
Ссылка "Абышканын арманы" ⤵️⤵️⤵️
https://youtu.be/zKkA9kUJXLc


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
316  
10.11.2019 Сон-Кол / Son-Kol
Кечээ комуз чертип куда тосууга барсам, мени алып барган эже тааныштырып атат: "Умутай Абдышова деген кыз, баландай-толондой.." деп, анда тиги эже: "Тааныйм! Азамат, жакшы чыгып атасын, кийген кийимин да онолуп калды. Жашырганда эмне, башында коргом бир концерттен, костюмун жупунураак болчу. Анан кийинирээк дагы кордум. Кийген кийимин адемирээк болуп калыптыр. Анан ойлоп койдум, иштеп баштаптыр деп" деп. Демееек, биз ойлонбойт экенбиз да. Кундо той-концерт болуп атып конумуш адатка айланат тура. Кээде жасанып барсак, кээде тиги эже айткандай, кийимди турлоп, алмаштырып кийейин деген ойдо кээде жонокой костюмун, кээде кымбат костюмунду кийип барасын. Анан бир коргон киши айтат тура, сынайт тура. Тигилгенине коп болгон формаларды кээде унутуп, кийилбей калат. Бугун ошолордун бироосун таап чыктым сандыктан. Сынды болсо сиздерге койдум, урматтуу подписчигим! Ал эми форманы кайдан тиктиресин деген жазылуучуларыма айтайын: Укмуш дизайнер деп барып тиктирген койногун деле, кадимки уйунон тиккен же жонокой ательеде тиктирген койногун жарашпаса, шорун. Алгачкы койнокторумду Балыкчы шаарындагы кыргыз тил адабият предметинен жана кол эмгек сабагынан берген Рыскул Байгазиева деген эжем тигип берчу. Суроттогу койнокту дагы ошол эжем тиккен. Эн башкысы колу билген адамга алдын ала ону-тусун жакшы окшоштуруп, дизайнын ойлоп барып, сапаттуу кездеме алып барсанар, жарашыктуу болот деген ойдомун. #умутайабдышова #национальныйкостюм
345   4
07.11.2019 Biskek , Kyrgystan
"Баталуу адам жакалуу тондой" деп Кубат Жакыпов озунун "Ыйман наама" китебинде бекер жазбаган. Элимдин батасы тийип жакалуу тон кийгендей эле, аздыр-коптур эл аралап, сыйга татып калдым. Жакасыз тон кийип журсом да, жузун тааныштай деп жылуу созун айткандар да жок эмес! А бирок, жылдызга кол сунсам да, жыланач кетеримди унутпай, жупуну кийинип, жупуну батирде жашап, кун коргонум анык. Балапан кезимден осуп, куш болдум. Туурума конгон элем, уям бузулду. Бармагым тиштеп окунгон жокмун! Тагдырга баш ийдим. Бактымдын ачыларын сезем. Бирок, куткон жанга кун отпойт. Суранбасам куру каламбы деп, Кудайымдан тиленем. Баарына кайыл болуп, жалкоолук менен да кун откордум. Акыры, мээнет менен кун батырсан, доолот коштоп тан атарын тушундум. Которумдуу жан элем, эми болор-болбоско коз жашымды тогуп жашык болуп алдым. Даректен адашып калсам да, коз жашым даяр. Байлыкты бактым деп ойлойм. Зангыраган уй коздон учат. Кайгынын даамын билбеген байлар бактылуу деп ойлойм. А бирок, коодонумдогу тазалык, жузумдогу жылдыз, кокуроктогу арзуум-ырым байлыгым экенин кээде унутуп калам. Ошол барлыгым менен бугун 16.00 до " Санжыра"(103.3) радиосунан болушом. Байланыш телефон: 0312 577798 #умутайабдышова #санжыра #103.3
Загрузка...