𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶
@umutai.abdyshova
𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶

Подписчики: 77523
Посты: 2781
Подписки: 368
Ссылка "Абышканын арманы" ⤵️⤵️⤵️
https://youtu.be/zKkA9kUJXLc


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
100  
24.11.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
10 жылдык тарыхы бар Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Эл аспаптар оркестринин маарекеси кут болсун! Ушул мектептен не деген ырчылар, музыканттар такшалган. Бул оркестр 10 эле жашка чыкканына карабастан, мамлекеттик иш-чараларга активдуу катышып келет жана чет элге кыргыз аспаптары аркылуу кыргыз музыкасын эл аралык денгээлге алып чыгып, чет элдик конкурс-фестивалдардын лауреаты болуп келуудо. Оркестрдин ушул бийик денгээлге жетишине суроттогу ар бир ырчы-музыканттын салымы чон! Ал эми баарыбыздын башыбызды бириктирип, канатына калкалап, ар бирибиздин мунозубузду таап, бир топ кылып алып жургон маэстронун омуру узун болсун! Жана да, бизге билинбеген ар кыл жумуштун баарын аткарып, бизге шарт тузуп, кабагым-кашым дебей, жаркырап жургон Фархад байкеге дем жана куч каалайбыз! Бар болунуздар! Кылымдар бою жашасын оркестр! #умутайабдышова
Загрузка...
401  
22.11.2019
Умут- нукура кыргызча соз. Мааниси- алдыга койгон максатарынын ишке ашарына, келечекте бардыгы ойдогудай болоруна ишенуу. Бирок адам баласынын турмуш жолунда ойлогон ойлорунун бардыгы эле ишке ашпастан, кээ бир учурларда ар кандай кыйынчылыктар, кол жеткис бийиктиктер, тоскоолдуктар болуп, кыйналган учурлар болот. Ошондо да адам келечегинен умут узбой жакшы тилектер, жаркын умуттор менен жашайт. Ага умут оттору маяк болуп корунуп, ошого жетууго умтулат. Эгерде умут болбосо, эч бир адам максатына жете албайт! Ошо досторум, менсиз максатка жетем деп ойлобогула! #P.S.: Суротторду коруп бир жылмайып же каткырып койгула. Бала кезимде томпойгон томпошка болчумун. Ар кайсы суротто ар кандай. Биринде суйкумдуу бултушка болсом, биринде кадимки эле эркек балага окшогон кызмын. Ошондо эле уйкучу экемин да. Мышмыйып мамамдын колунда уктап жаткан сурот бу дуйнодогу алгачкы суротум болуш керек. Ал эми жанымдагылар суйуктуу таежелерим. Келгиле эми, баарыбыз мен сыяктуу ысымдарыбыздын маани-мазмунун жазалы. Чанда кездешкен ысымдары бар досторунарды белгилегиле. Алардын аттарынын маанисин да билип алалы. Оригиналдуу мага жаккан аты бар айымга белегим бар. #умутайабдышова #имя
518  
20.11.2019
Копчулук учурда радио-теле алып баруучулардын берген суроолоруна канаатанбайм! Кайталанма суроолорду сурай беришет. Бугун курбу кызымдын иниси менен суйлошуп отуруп калдым. Акылдуу экен. Беш тилди эркин билет экен. Анан сурайт: "Эмнеге ырдайсыз? Негизги кесибиниз тилмеч болсо, аны менен эмнеге иштебейсиз? Ырчылардын кобу популярдуу болсом, бактылуу болом дешет. Сиз да алардын катарындасызбы? Популярдуулуктун жеткен чегине жеттиниз дейли, анан эмне болот? Ырчылыкты акчанын булагы учун ырдайсызбы? Эмнеге ырчылардын жашоосу инстаграмдагыдай эмес?! Эмнеге суротко кулуп тушосуз? Эмнеге чыныгы жашоодо андай эмессиз?! Менин эжем да ошондой. Ал эми айылдагылар , "Мен да Гулназдай болуп окуп алсам, мен да жыргап кооз койнок кийип, ырдап журмокмун" деп эжеме суктанышат. Силер элди эмнеге алдайсынар?!! -деди эле. Отуруп калдым. Эмне деп жооп береримди билбей. Силер кандай ойлойсунар, ырчылар жана ырчы болгусу келгендер? Неге ырчы болдунар, неге ырдайсынар жана неге ырдагынар келет? #девушка #вкрасном