𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶
@umutai.abdyshova
𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶

Подписчики: 77523
Посты: 2781
Подписки: 368
Ссылка "Абышканын арманы" ⤵️⤵️⤵️
https://youtu.be/zKkA9kUJXLc


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
365   29
25.03.2020
Коронавирус. Япония карантинден баш тартты. Себеби эмнеде? Тескерсинче, Япония мындан үч жума мурда мектептерге киргизген карантинди алып таштады. 1-апрелден баштап (Япониянын окуу жылы ушул числодо башталат) балдардын баары демейдегидей эле мектепке барышат. Күн Чыгыш өлкөсүндө жашаган биолог Владимир Белоусов мунун сыры эмнеде экенин жана эмне үчүн Японияда өзгөчө кырдаал да, карантин да кирбей турганынын себептерин жазып чыккан. Автордун уруксааты менен анын жазганын Украинанын НВ маалымат порталы жарыялаган. Азыр дүйнөдө гигиенаны пропагандалоо катуу жүрүп жатат. Ар кайсы өлкөлөрдүн президенттери жана борбор шаарлардын мэрлери өз жарандарын колдорун жууганга,  колдору менен беттерин кармалабоого үйрөтүп; кол алышып саламдашпоого жана кучакташпоого чакырып; үйдү дайыма нымдуу тазалоодон өткөрүп турууга; туура тамактанууга ж. б. у. с. үндөп жатышат. Японияда баары тең бир аз башкачараак. Анда ар бирине кыскача токтололу. 1. Гигиена.  Японияда болгондор бир нерсеге көңүл бурушса керек – япондордон эч качан эч нерсе жыттанбайт, жыттана турган болсо парфюмдун билинээр-билинбес гана ароматы келет, мурунга. Себеби, япондор тазалыкты аябай катуу  карманган эл: бир күндө үч ирээт душка түшүү (минимум эки жолу), ошондой эле кенедей эле мүмкүнчүлүк боло калганда колду бат-баттан жууп туруу адатка айланган. 2. Япондор кийимди бат-баттан алмаштырып турушат, а ич кийимди бир күндө бир нече жолу айырбашташат. Бул норма. 3. Японияда адамдарга колуңду тийгизүүгө болбойт.  Кол алышуу, кучакташуу жана жөн эле колду тийгизип коюу, өтө интимдүү көрүнүш болуп саналат. Ошондуктан мындай кыймыл-аракеттер өтө жакын кишилердин арасында гана болушу мүмкүн. Япон таазими (жүгүнүүсү) — жашоонун баардык учуруна жарайт. 4. Дистанция. Япондуктар дайыма дистанция сакташат. Дүкөнгө же банкоматка кезекке турасызбы, же коомдук унааны күтүп атасызбы, же башкабы, айтор эч ким сизди артыңызда желкелеп, демитип  турбайт. Оолак турат. Эгер шарт туура келсе бир метр эле эмес андан да алыс турат. 5. Санитардык тазалоо. Сезондуу эпидемиялардын учурунда эле эмес, күн сайын жана жылы боюу бүт өлкөдө, бүт Япониянын ичинде баардык коомдук жайларда жана коомдук унаада санитардык тазалоо өткөрүлүп турат.👇
216   5
22.03.2020
Бул вирус дуйно жузундогу адамдарды бири-бири менен жакындатты! Суйлошпогондорду бет мандай отургузуп суйлоштурду. Бир столго отургузуп тегеректетип тамак ичирди. Бир эле маал жасалган тамак 3-4 маалга кобойду. Баягы шашып-бушуп жумушка деп жакынына конул бурулбай калган кундор жоголуп, ал-ахыбал сурап, "жакындан тааныша баштадык". Ар кай жактан белекке алган жапжаны китептердин барактары ачылды. Телефонго кочуруп алып деле турдуу китептерди окучумун. Китеп менен мандай-тескей отургандын энергетикасы башка да. Илгери от жагылган мештин жанына отуруп алып "Каныбекти" окуганым эске тушту. "Семетей" эпосун баштап алгам. Аягына чыксам экен. Кино коруп атып тажаптырмын. Тарыхый, детектив жана болгон окуянын негизинде тартылган кинолордон башка (фантастика, ужас ж.б) коргум келбейт. Олум жакындагандай эле, жакынына жакшы эле создорду арнагын келип, а тургай, коштошконсуп да калат экенсин, жаман жорукту баштап. Бири-бирине жете албай эки башка олкодо калып кеткендердин абалын тушунуп турам. Алыстан амандыктарын эле тилеп олтурушат болуш керек. Кунумдук жумуш деп журуп, сагыныч, бири-бирине кам коруу, аёо сыяктуу сезимдер жок болуп кеткендей сезилчу. Ошол эле эненин балага мээрим тогуусу. Кичкинтайлар ата-эне, бир туугандары уйго толуп кубанып жатышса керек конулдору куунак болуп. Албетте, эртелетип адам омурун алып кеткени кейиштуу.
Загрузка...
397   13
20.03.2020 Issyk-Kul', Ysyk-K\u00f6l, Kyrgyzstan
Коронавирус бири-биринен алыс жургондорду жакындатты. Телефон чалган сайын "Качан келесинер?"- деген ушул жигиттин мудоосу аткарылды. Кечээ манты туйдук, бугун тан атпай туруп алып уйлорду уборка кылдык, камыр жууруп, нан бышырдык, кочого чыгып велосипед тээп келдик. Алю айткандай, "Ласпед"😀 Машинкага кирлерди жуудурдук, жанын койбой. Анан эки таекеси жон отурбай, эшик-эликти тазалашты. Чоноюшуптур. Айттырбай эле колдон алып жасап ийишет. Бойлору теректей болуптур асман тиреп. Баягы жалаякка оролуп, бироо бешикте жаткан кездерин элестетип эзилип кеттим. Убакыт откон тура. Бугун болсо бир туугандар чогулуп алып лагман чоёлу деп жатабыз. Ким кандай рецепте жасайт, айымдар болушкуло эми тажрыйбанардан. Коптон бери оокат кылбай, суусап калыптырмын. Ал эми Алинур инстаграмын оз колуна алды. Кулкулуу стористерин коруп тургула, катталып. Кээде калп айтса, кээде ачуу чындыктарды тартып киргизип коюшу мумкун. Катталып, кобойсонор туз эфирге чыгат. Ырдап берет. Суроолорго таамай-таасын жооп берери анык. @alinurspage @alinurspage