157
06.10.2019
President City Hall
Кайда барсан эле " шандуу ырын барбы?" дешсе эле, оюмда концерт болобу, той болобу шандуу ырдаш керек деген нерсе калып калыптыр. Тилекке каршы, бийге ылайыктуу ырларым саналуу эле. Улам кийинкисин карап тургула восточный стилде жаздырам дейм, утур эле, жай, созулунку ырды тандап алам. Эми бул да ырдалбай калат тура деп кейип калчумун. Бул оюмдан кайттым.
Буга элибиздин суйуктуу ырчы айымы @altynai_narbaeva_ эжем туртку болду. Кайсыл ырды ырдабасын жаза басып, жаттамайын отуп кете албайм. Ар бир ыры маанилуу, ар бир ырды ийнине жеткире ырдайт! Кайда барса, "кимибизденден" тартып, жай темптеги ырларды ырдайт. Эмне, эл укпай коюп жатабы?! Тескерисинче, муюп угат туурабы?
Элди салмактуу ырларды уга билгенге кондурушубуз керек, женил-желпи ырга желпилдетпей. Баарыбыздын оюбуз бир, танцевальный музыка болсо, той болгондон кийин бийлесек деп. Мен деле кыялданчумун, комуз эле чертип ырдай беремби, качан микрофон кармап, кыска койнок кийип алып, далдактап бийлеп ырдайм деп... #созкоп
#умутайабдышова #танцевальнаямузыка #музыкадлядуши #ресторан