𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶
@umutai.abdyshova
𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶

Подписчики: 77523
Посты: 2781
Подписки: 368
Ссылка "Абышканын арманы" ⤵️⤵️⤵️
https://youtu.be/zKkA9kUJXLc


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
365   29
25.03.2020
Коронавирус. Япония карантинден баш тартты. Себеби эмнеде? Тескерсинче, Япония мындан үч жума мурда мектептерге киргизген карантинди алып таштады. 1-апрелден баштап (Япониянын окуу жылы ушул числодо башталат) балдардын баары демейдегидей эле мектепке барышат. Күн Чыгыш өлкөсүндө жашаган биолог Владимир Белоусов мунун сыры эмнеде экенин жана эмне үчүн Японияда өзгөчө кырдаал да, карантин да кирбей турганынын себептерин жазып чыккан. Автордун уруксааты менен анын жазганын Украинанын НВ маалымат порталы жарыялаган. Азыр дүйнөдө гигиенаны пропагандалоо катуу жүрүп жатат. Ар кайсы өлкөлөрдүн президенттери жана борбор шаарлардын мэрлери өз жарандарын колдорун жууганга,  колдору менен беттерин кармалабоого үйрөтүп; кол алышып саламдашпоого жана кучакташпоого чакырып; үйдү дайыма нымдуу тазалоодон өткөрүп турууга; туура тамактанууга ж. б. у. с. үндөп жатышат. Японияда баары тең бир аз башкачараак. Анда ар бирине кыскача токтололу. 1. Гигиена.  Японияда болгондор бир нерсеге көңүл бурушса керек – япондордон эч качан эч нерсе жыттанбайт, жыттана турган болсо парфюмдун билинээр-билинбес гана ароматы келет, мурунга. Себеби, япондор тазалыкты аябай катуу  карманган эл: бир күндө үч ирээт душка түшүү (минимум эки жолу), ошондой эле кенедей эле мүмкүнчүлүк боло калганда колду бат-баттан жууп туруу адатка айланган. 2. Япондор кийимди бат-баттан алмаштырып турушат, а ич кийимди бир күндө бир нече жолу айырбашташат. Бул норма. 3. Японияда адамдарга колуңду тийгизүүгө болбойт.  Кол алышуу, кучакташуу жана жөн эле колду тийгизип коюу, өтө интимдүү көрүнүш болуп саналат. Ошондуктан мындай кыймыл-аракеттер өтө жакын кишилердин арасында гана болушу мүмкүн. Япон таазими (жүгүнүүсү) — жашоонун баардык учуруна жарайт. 4. Дистанция. Япондуктар дайыма дистанция сакташат. Дүкөнгө же банкоматка кезекке турасызбы, же коомдук унааны күтүп атасызбы, же башкабы, айтор эч ким сизди артыңызда желкелеп, демитип  турбайт. Оолак турат. Эгер шарт туура келсе бир метр эле эмес андан да алыс турат. 5. Санитардык тазалоо. Сезондуу эпидемиялардын учурунда эле эмес, күн сайын жана жылы боюу бүт өлкөдө, бүт Япониянын ичинде баардык коомдук жайларда жана коомдук унаада санитардык тазалоо өткөрүлүп турат.👇
276   1
29.09.2019 Кант шаары - город Кант
Саматып издериң болгон жакшы, Сагынган кучагың толгон жакшы. Бактысыз турмушка басынганча, Баалаган жанга жар болгон жакшы. Кайырма: Жакшылык бактыга жетелетет, Жаштыкка өмүрдү тетелетет. Жакшыдан жан дүйнөң азыктанып, Кусалуу көңүлдү көкөлөтөт, Кусалуу көңүлдү, армандуу өмүрдү көкөлөтөт. Сүйдүрүп издээриң болгон жакшы, Сүйүүнүн суугуна тоңгон жакшы. Сүйбөгөн бирөөгө кор болгончо, Жакшыга жанашкан жолдор жакшы. Кайырма: Сырдашар курдашың болгон жакшы, Сыйлашып кармашкан колдор жакшы. Билбеске бирикпей кор болгончо, Билгендин бийиги болгон жакшы. Дал ушул керемет саптардын автору Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген акын Гулжамила Шакирова эжем жана жаркылдаган алып баруучу досум Улукман Атабеков менен бирге жакшылыкка жар болгону келип калдык. #свадьба2019 #свадьба #кант #жаржар #умутайабдышова #0709503553
Загрузка...
187  
18.02.2020 Площадь Ала-Тоо \u2014 центральная площадь Бишкека, столицы Киргизии.
Курбусу бардын-ырысы бар🤦‍♀️ Курбуларым коп эле. Бирок убакыт-саат болуштуро албагандыктанбы, чынынбагандыктанбы же жаш отуп калгангабы😀 коп жолукпай калдык. Кээ бироолору менен 10 жылдан ашык убакыт отсо да кабарлашпай кеттик. Баарын сагындым! Келгиле, подружкаларым баракчамда болсонор жазгыла, жолугалы! Откондорду эстеп каткырып-кулолу. Ал эми бул суроттогу сулуулар, сулууларды сулуулаган жакын курбуларым. @erkaishera_ @nargiza.begalieva_official Тырмагынардын учунан, кирпигинердин учуна чейин ондоо-тузоо иштерин кылышат. Ишенимдуу, кесипкой, адамгерчиликтуу кыздар. Менин келбетиме жооп берчулор ушулар😁 Кокус жудоп калганымды корсонор, ушуларды куноологуло! Эркайжеее, салонунуз кут болсун! Ала тоо аянтынан ары жак, бери жагына откондун баарын сулуулап, соопторуна кала бериниз! Наргизка, кудам менен бактылуу болуп журо бер!😉 #салонкрасоты #покраскаволос #макияж #ногти #салоныкрасоты #прически #подруги