𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶
@umutai.abdyshova
𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶

Подписчики: 77523
Посты: 2781
Подписки: 368
Ссылка "Абышканын арманы" ⤵️⤵️⤵️
https://youtu.be/zKkA9kUJXLc


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
383   5
25.06.2020 ОсОО "Медиа Холдинг "Пирамида"
Ак көйнөк кийген бийкеч "Хайлайлоусун" пирамида телеканалынан да презентация кылып, өмүрүндө биринчи жолу түз эфирден комуз күүсүн ойноп кайтты. Босогодон чыга берерде сб байке, "Кызым, ЛАЙЛОҢ" менен жыйынтыктадыңбы? Өнөрлүү кыз экенсиң!" деген комплименти менен узатып койду. "Лайлоу" деген аталыш жакты😀 Ал эми кире бериштеги сб байке бет кап кий эле кий деп жанымды койбойт. Эми байке лифтке чейин эле кийем баары бир, эфирге бет кап менен чыкмак белем десем да кеп-сөзгө келбейт. Эмне кылсын, ишин туура аткарып жатат. Бирок, чындык! Сода борбору болобу кайсыл жерге кирбейли эшиктин АЛДЫНДАГЫ сатыкта турган масканы😷 сатып алып киребиз, кийип. Ичин карасаң, баягынын бири жок. "ЖЫЛАҢБЕТ" эле жүрүшөт. Кой ай деген бир жан жок. Келгиле, жапа тырмак кийип, ден соолугубузга кам көрөлү. Башканын да ден соолугу бизге көз каранды, Кудай сактасын!😷 Алып баруучулар Чыңгыз менен Нурайка мактаса кошо мактана берипмин.😊😀 Эмне деп мактанышым мүмкүн?
534   18
06.12.2019 At-Bashi
Бир туугандын урматын коруу деген сонун тура! Ушул красавчик инимдин аты Жумадил. Баарыбыз Жони дейбиз. Оз аты унутта эле калган. Кичинекей кезинде ширин болчу. Азыр болсо чон кишинин катарына кошулуп, уну курулдоп, бою асман тиреп, айтор, эркелете деле албайбыз. Студент. Юрист болом деп журуп, ошонун окуусун окуп атат. Мен 7-класс кезимде торолгон. 12 де болчумун. Озум ымыркай кезинен киринтип-жуунтуп, тыкыйтып жалаякка ороп, бешикке болоп, аны шылтоолоп коляскага суйроп алып ойногон кездер болду. Эми минтип кол арага жарап, жаныма караан болуп, узун жолдо жолдош болуп, унааны озу айдап Ат-Башыга заматта жетип келдик. Убакытка так жаным, жол кандай болуп калат, тайгакпы, тайгак эмеспи деп тан атпай кечки 18.00-19.00 до башталчу улпот тойго 14.00 го келдик.😆 Эми кенен 5 саатыбыз бар. Эмне кылсак экееен?😁😁😁 #свадьба #атбашы #умутайабдышова
94   1
02.03.2020 Frunze, Bishkek, Kyrgyzstan
Жаз келип, айымдар болушунча келбетине кам коруп баштайт. А мен болсо, тээ кыштан баштап эле сулуулукка конул буруп баштагам, албетте, @eliza_kosmetolog_onkolog жардамы менен. Тороттон калган тактарымды кезинде тазалап калбай, алигиче курошуп келем. Андан сырткары, кундун нуру да кошул-ташыл болот. Айрыкча, жаз мезгили тескери таасирин тийгизет. Кундон коргонуучу кремден сырткары 2 аптада бир косметологго кайрылып турушубуз керек! @eliza_kosmetolog_onkolog менен таанышкандан тарта жузум ачыла эле тушту. Айланамдагылар аны дароо байкашууда. Бугун марттын келиши менен бетти эн сонун тазалоочу препараттар менен тазалап, фруктовый пилинг кылып, мезотерапия менен жыйынтыктадык. Келиниздер, окунбойсуздор. 0779352493 Элиза @eliza_kosmetolog_onkolog #косметика #косметология #косметологбишкек #мезотерапия #фруктовыйпилинг #маска #умутайабдышова
732  
06.12.2019 Balykchy
Кечээ уйго келдим. Курсагым ток эле. Бирок мамам укмуштуудай даамдуу кылып балык кууруп, мен жакшы коргон пюрени таптаттуу подливи менен жасап коюптур. Карап тура алган жокмун. Апылдатып аны жеп, артынан колго жабылган сливанын компотун ичип дынкыйып отуруп калдым. Билбегенге жалкоомун. Билгенге тамакты даамдуу жасаган, оокатка тын кызмын. Мамам да коону келсе тамактын турун жасайт, мен курагында туймо туйуп, кийим кийгизчу. Ангыча болбой эле, Алинур телефондорунарды бергиле деп жыйнап кирди, домино ойнойбуз деп. Аны ойногонду билбеген жаным уйронуп да алдым чала-була. Шаша-буша оюнга кызыккан жаныбыз, кире беришке эле отуруп алыптырбыз. Анын артынан карта ойноп кирдик. Оюндун кызыгына батып, чырдап да кирдик. Буйрукка ойномой башталды. Карта ойногонду билбеген мамам утулуп калып, идиш жуумай болду. Ага уруксаат бербей озум жуудум. Ошо. Оюнду баштаган Алинур суротко да тартып жетишиптир. Озу баштап, бирок озу оюнга кошулбай калды😆. Бирок, позитивдуу абал тузуп берди. Я долго ждал этого момента деди. 🤔 Демек, балдар уй-булодо шан-кулку болушун каалайт. Келгиле, бир кундо 1 саат балага шандуу маанай тузуп бергенге аракет кылалы. Силер кандай оюндарды ойнойсунар? Болушкуло.
Загрузка...