сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
1888   18
10.05.2020
30 күндө 30 сабак 17-күн АРАМ жана АДАЛ 2-БӨЛҮМ В. КОШ МЕКЕНДҮҮЛӨР Кургакта да, сууда да жашоочу кош мекендүүлөр, мисалы, бака, ташбака, рак, краб, суу жылан, крокодил өңдүү айбанаттар адал эмес. Айбанаттардын жумурткасы менен сүтү алардын эттеринин өкүмүн ээрчийт, этин жегенге боло турган адал жаныбарлардын сүтү менен жумурткалары да адал. Эти арам жаныбардын сүтү менен жумурткалары да арам болуп саналат. Жаныбарларды «БИСМИЛЛА» АЙТЫП МУУЗДОО МАСЕЛЕСИ жөнүндө Алла Таала Курани Каримде мындай дейт: «Эгерде Алланын аяттарына ишенсеңер, Алланын аты аталып (мууздалган) айбандардын этин жегиле». «Алланын аты аталып мууздалбаган айбандардын этин жебегиле. Бул Алланын жолунан чыгуу». Жогорку аяттарда ачык-айкын баяндалгандай «бисмилла» айтылып мууздалбаган малдын этин жешке болбойт, т.а.: • Бир айбан эң оболу эти желчү адал айбандардан болсо; • Ислам эрежесине ылайык мууздалса; • Мусулман адамдын колу менен мууздалса гана эти желет. Ошону менен катар жалпылай көз караш боюнча еврей жана христиан диндериндеги «китептүүлөр» аталган адамдардан кай бирөөсү жагынан мууздалган жаныбарлардын да этин жешке болот. Бирок исламдык таза жашоодо «шектүү нерселерден сактануу» маселеси да негизги орунда тургандыктан мүмкүн болушунча этият болуу, б.а., жебей эле коюу купталат. «Бисмиллах» айтылып же айтылбай мууздалганы белгисиз айбан-малдардын эти жөнүндө да так ушул мамилени кармануу зарыл. Ханафийлер боюнча «бисмиллах» айтууну унутуп калып мууздалган малдын этинде маселе жок. Бирок мууздаган адам атайылап «бисмиллахты» айтпай койгон болсо ал малдын эти халал болуп эсептелбейт. ЗАРЫЛЧЫЛЫК жана АРГАСЫЗДЫК АБАЛДАР ЖӨНҮНДӨ Ачкачылык жана суусоо жөнүндө өлүп калбаш үчүн жанын сактагыдай өлчөмдө жеп-ичүү ар бир адамга парз. Адамдар ушул чектин ичинде гана намаз окуп, орозо кармап, ибадаттарын аткарганга жетише алары белгилүү. Ал эми жеп-ичкенге адал бир нерсе таба албаган адам арам нерселерден өлбөй жанын сактап калгыдай өлчөмдө жеп-ичсе болот. УЛАНДЫСЫН ОКУҢУЗ... 10.05.20 ИДРИС АКЫН
Загрузка...
1764   18
28.08.2019
Конул айтам ага, жаны жаннатта болсун Дастандын оомиин,АЛЛАХ Пайгамбарларга берген сынолорду берип атат, сабыр кылып которунуз ага,ал эми👆тигил сузгон шопурду кечирген айколдугунузду коруп дагы бир жолу ишендим, мыкты башчы болорунузга, мындай сабырдуулук, мындай айколдук, сизден башка эчким кыла албайт эле, АЛЛАХ бул жоомарттыгынызга эки омур тоосун сыйлыгы менен озу сыйлап алат сизди буйруса,эгер тушунгон адамга сиздин даражанызды АЛЛА ушул жерден дагы бир жолу которду,омурлуу болунуз ага сиздин сабырыныз биз айтпасакта баарына жетет👆ошентседа конул айтып сабыр каалайм,козунуздо жылтырап чындык кана куйуп корунуп турат, ошол эч качан очполсун. @sadyr_japarov кайран агам аа мага окшоп кылган ишинди бийик баалаган жандар бардыр,менин уйум тынч болсо болду деген шор пенделер бар алар аман болсун.