сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
2045   18
09.02.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Буюрса, 12синде Маданият министрлигине караштуу бир канча китепканаларда жана окуу жайларда сынак өтмөкчү. Миңден ашуун адам катталды. Китепкөй өлкө өнүгүүдө. _ Өткөнгө мылтык кезесек, келечек замбирек менен тосуп алаар 🔥 “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын” алкагында КРнын Маданият жана маалымат туризм министрлигинин колдоосу менен " Бир адамдан- бир китеп" долбоору, "Данек" китеп дүкөнү жана "Инсан" коомдук фонду тарабынан өткөрүлүп жаткан республикалык #КитепTime китеп олимпиадасынын жаңы сезонунун алгачкы оюну 🔥 Алгачкы таймаш Көчкөн Сактановдун "Маркумдар үнү" чыгармасынын негизинде өтөт жана байке фонду 100 000 сомду түзмөкчү 🔥 Таймашка катышуу акысыз жана каттоо 10-февраль саат 18:00гө уланат 🔥 Тандап алуу оюндары бир катар окуу жай жана китепканаларда өтөт. Катталгандар ватсап группаларына жараша бөлүштүрүлөт. Катышуучулар оюн болоор күнү айтылган жерге жараша 09:00гө келип, кошумча каттоодон өтүүсү зарыл 🔥 ТАЙМАШТЫН ӨТҮҮ ШАРТЫ: Таймаш Бишкек шаарында өтөт жана 2 турдан турат. _ 1-тур . Тандап алуу оюндары. 12-февраль күнү өтөт. Форматы: тест түрүндө Тестте 100 суроо берилет. Жалпы катышуучулардан алдыңкы орунду ээлеген 75 окурман финалдык таймашка жолдомо алышат _ 2-тур. Финалдык оюндар. 14-февраль күнү өтөт Форматы: суроо жооп түрүндө Алдыңкы орунду ээлеген 75 окурман чүчү кулак таштоо аркылуу 15 командага бөлүнөт жана жарыш командалар арасында өтмөкчү. Таймаш суроо жооп түрүндө өтүп, жеңүүчүлөр топтогон упайларына жараша аныкталат 🔥 Жеңүүчүлөрдү сыйлоо “КитепТой” иш-чарасында өтөт. Байгелер 1-орун 30 миң сом 2-орун 25 миң сом 3-орун 20 миң сом 4-орун 15 миң сом 5 -орун 10 миң сом Мындан сырткары китеп сүйүүчүлөр упайларына жараша баалуу жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышат. 🔥 P.S. Белгилүү жагдайларды эске алуу менен оюндун форматы ушундай түзүлдү. Бул формат эксперименталдык жана алдыдагы китеп жарыштарда өзгөрүүсү мүмкүн экенин баса белгилеп кетебиз. 🔥 Экстра P.S. Аталган олимпиадага демөөрчү боло алам дегендер үчүн эшигибиз ачык.
Загрузка...
367   18
10.01.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Соолот менен доолот жарашып омур сурсок экен деген изги ниетимден жаздырба мени жараткан 🙏🇰🇬 Жайкашчулар тынбай жайкашат,жайкагандан алар качан чарчашат «-деген тайыздыктан этият болуп омур суролу...Мактаса бизди эл мактасын,мактанабыз дардаябыз бирок артында адамдык сапат жокко эсе,жагалданбай арыбызга,наркыбызга,артыбызга саресеп салалы,артыбызда канча биликтуу тарбиялуу жаш муун осуп жатат! Чынында мен жеке чакырды деп,жылт экен жерге коп бара беруудон коркомун,анткени ошол жерге колоко тушуруп албасам деймин,алар азыр бийиктен дардайып турганда баары макташы мумкун,артында канчалык чындыгы бар бир гана оздоруно маалым,мен барбасам да адамдыкты сактап кала бергим келет. Сапарыбыз олжолуу болсун! Минген атынар тулпар болсун! Ой санаанын- паашасы, тирүүлүктүн- көрөгөчү, көсөмдөрү бар болгула!🙏❤️