905 16
10.03.2020
Burana Tower
"Буранада"
Карт тарыхты катып жаткан "Бурана",
Камтыйт көптү, кайдан, кимден сураба,
Капкалуу шаар, хан ордодон бүгүнгө,
Калганы ушул касиеттүү мунара!
Далил айтып, илимпоздор буга да,
Даана-чынын тактап дале убара.
Музейинде түркүн буюм, жазуулар,
Мурункудан калган фарфор кумара!
Муюп жүрөк, мурункуга кез келип,
Мурастарын турам бүгүн эскерип!
Муктаждыгы мындай ыйык жайлардын,
Муундан-муунга сакталуучу эстелик!