сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
559   16
21.10.2019
Ойнотуп бизди жетелеп, Оорутпай бактың бөпөлөп. Калкалап мээрим жамалың, Карызбыз сизге эселеп. Кайгамды тарттың теңселип Карыздар ким бар менчелик Жүк болгон күнүм эстесем Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп Ааламды нурга бөлөйсүң Ак көйнөк кийсең көйкөлүп Ааламда бир да аялзат Ажарлуу эмес сенчелик! Сулуу эмес апа сенчелик! Үмүттүн отун жандырган Үй ичин майрам шаң кылган Өмүргө бизди алып келген Энелер үчүн жан курман Кантейин апа эзилбей Канча жыл өттү сезилбей Балам деп койсоң балкыймын Баягы бөбөк кезимдей Бал барбы сенин сөзүңдөй Нур барбы сенин көзүңдөй Дүйнөдө эч бир аялзат Мээримдүү эмес өзүңдөй Сулуу эмес апа өзүңдөй. Өмүрдө канча арман бар Өзүң бар демек майрам бар Бейиш деп сенин таманың Белгилеп айткан пайгамбар Балаңдын кечир айыбын Бакытым, дархан жайыгым. Балам деп кечип жалынды Баардыгына кайылым Апам бар болсо жаңымын Алыстап кетсең карыдым Татына сенден супсулуу Таба албайм апа аныгын! Сулуусуң апа жарыгым!
755   16
28.09.2019 Frunze, Bishkek, Kyrgyzstan
Алтын куздо ааламга келген экенмин! Атам Момун,Энем Мариянын тунук суйуусунон 28.09.1+9+5+6=21.28.09.2019=6+3=9. Сырдуу дуйнонун сырга толгон,оюн кырын,адырында ойноп оскон,табияттын оруктору гул ачкан,тундосу сутак сайраган,кечкисин бакалар чардаган,айлуу тундо чиркейлерден коруган,энем тиккен,пашакананын ичинде жатып,жылдыз аккан,жылдыздарды санап уктаган балалыктан уюган,жомок уккан,очок боюндагы тезек калап,жугору бышырган,арык жээгинде кумдап идиш жууган,анан дарыядан бакан менен суу ташыган балалыктын баёо жылдарыма мин ракмат! 1988-жылдардан бери карай,жараткандын озу жолдоп,улуу Кыргыз Элим колдоп,касиеттуу Комуз менен,чон Маданияттын торундогу,алгачкы сапарым Италия, Туркие,Германия,Жапон,Кытай,Korea, Sori festival, World Masters! USA. Folk production. Америкада,Индия,Оман,Алжир,Катар Organic music ,Кувейт,Дубай,Сейшел аралы,Бангкок Тайвань,Москва,Париж. Cite-De La Music. Japon. Min-Non associations. Тайланд,Самарканд,Алмата,Азербайжан,Казань, курдоолдуу кызыктарга бай,эн сулуу ырыстуу,жагымдуу туйшукторго толгон омур сапарымдын байманалуу багында татына кыздарым менен,канатым жайылган,керегем кемибей,ширин неберелеримдин кулкусуно балкыган,бактылуу Байбиче болуп толуп турган кунго насип эткен,улуу жаратканга мин,мин ,чексиз раазылыктарымды билдиремин! Жашоонун ак карасын тааныткан акыл бердин,куч кайрат,сабыр бердин ,карапайым боорукерлик сулуу муноз жаштыкты бердин,сонун,кайталангыс улуу таланттар менен,катарлаш сахнанын сахнасында оболотуп таншып келдим раазымын!!! Омурубуз отолголуу кундун козун коргон кубаттуу берекеси мол, бакубат болсун!